Мазмунга өтүү

Казыбек (айыл)

Отурукташкан жай
Казыбек
Район Кыргызстан
Координаттар 41°02′14″ с. ш. 75°32′10″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 3767 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Казыбек (айыл) (Кыргызстан)

КазыбекКыргызстандын Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айыл. Казыбек айыл аймагына кирет.

Бул айыл атактуу акын Казыбек Мамбетиминдин атынан коюлган. Казыбек туурасында: Кыскача өмүр таржымакалы.

Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы (кайсыл ай экени белгисиз) Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Казыбек айылына караштуу Келтебек деген бөксө жайлоодо жарык дүйнөгө келиптир.

Атасы Мамбетимин (бир кабарда азан чакырып койгон аты Кучүк) чынжырдуу манап болбосо да, ошол аймакка аты дайын бардар адам болуптур.

Бир жагынан ал киши диний сабаты бар, исламдын парзын бийик кастарлап өтүптүр. Мына ушундай атанын баласы болгон соң Казыбек эс тарткандан баштап арабча кат таанып, сабаты диний багытта ачылыптыр.

Алаңгыча, совет бийлигинин бай, манаптарды кулакка тартмай саясаты дүрт этип от алып, анын жалыны Мамбетиминди да каптайт, мунун айынан Казыбек да "кулактын баласы аталып, ата-энеси менен кырк төрт манапка кошулуп, алыскы Орунбоор калаасына айдалыптыр.

Ошондо Казыбек:

Бир миң тогуз жүз жыйырма Тогузунчу жылында (1929) Бай манап деп айдалып, Буйрук менен кез болдук, Бул өңдөнгөн кыйынга. Кармаган, тапкан буюмдан Калбады бирөө ырымга.

Деп каңырыгы түтөп, тагдыры тайкы жолго түшкөнүнө катуу өкүнгөн экен.

Кандай шарт себептер менен экени белгисиз, Казыбек 1931-жылы Орунбоор камагынан бошонуп, Атбашыга кайтып келиптир.

Атбашыга келсе ал жердеги түптүү манап Абдылда Жаанбай уулу Кытайга өтүп кетүүгө элди көндүрүп, камылгасы бышып калыптыр. Казыбек да Абдылданын сөзүнө кирип, көчкөн элге кошулуп Кытайга качып өтүп кетет.

Аякта үч жылча жүрүп, 1934-жылы тууган жерге кайрылып өтмөкчү болгондо Каракол сыртындагы чек арачылардын колуна түшүп калат да, суракка алынат.

Бул 1935-жылдын июнь айы экен. Ошентип, Казыбектин иши бүттү, деп турганда атуу өкүмү чыгарылгандан туура эки ай өткөн соң СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы мурдакы өкүмдү бузуп, (мунун себептери да белгисиз)он жыл түрмөгө кесиптир.

Түрмөдө көргөн күнү жөнүндө так маалыматтар жок, бирок түрмөнүн азап-тозогу жалпысынан белгилүү эмеспи. Бир жагынан жалган жалаадан камыккан Казыбек ыр менен арыз жазып, Сталиндин өзүнө кайрылыптыр, ал арызды өзү менен кошо камакта отурган, мурда райкомдо идеология боюнча катчы болуп иштеген Карабеков деген орусчаны суудай билген жигит которуп, эптеп жолун таап жөнөтүп жиберишкен экен.

Бирок ал арыз тиешелүү кишиге жетип, “бошотулсун” деген жооп келгиче кайран Казыбек көз жумган экен.

Атаганат, "баш аягы тополоң боло калган дүнүйө. Бирден өтүп бирөөгө, кала келген дүнүйө деп ырчы өзү айткандай, бул жарыкчылыктын жалгандыгы ушунда белем...Айтмакчы, Казыбектин өлүмү тууралуу эл арасында эки ача пикир айтылат.

Анын бири Казыбектин казалдарын далай жыл эл оозунан жыйнап, кагазга эрикпей түшүрүп келген Болотбек Исабековго таандык.

Ал кишинин айтымында Казыбек 1943-жылы түрмөдөн аман-эсен бошоп келатып, Өзгөндүн Мырза-Акесине келгенде каза табат имиш.

Ал эми убагында Казыбек менен камакта чогуу отурган, азыр Нарын (мурдагы Тянь Шань) районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жашаган эмгек ветераны Макеев Төлөмүш Казыбек бошонуп келип, Мырза-Акеде көз жумганын караманча төгүнгө чыгарып, мындай деди:

"1936-жылы январь айында Ташкендин "Чирчикстройго" жөө айдап барды. Ошол жылы жай келгенде Казыбек ич өткөк дартка кабылды, бир топ күн жатып жөнүгө албай, ошол дарттан каза болду. Мусулмандар чогулуп, сөөгүн ошол жерге коюп куран окудук. Ошондо жашы 42ге барган экен, кайран кишинин. Өңү сулууча келген, сыйда муруттуу келишкен киши эле. Бош боло калганда комузун колунан түшүрбөй, төгүп эле отурчу".

Баса, Казыбек каза болгондон кийин комузу өзүнүн айылдашы, камакка чогуу айдалып келген кишинин колунда калган.

"Көп өтпөй бизди бөлүп, башка жакка айдап кетти. Андан кийинкисинен кабарым жок", - дейт Т.Макеев.

Казыбек бир атадан эжеси Калдык экөө эле экен. Өзү эки эркек, бир кыз көрүптүр. Бирок эки эркеги эртелеп көз жумуп, кызы Таажыгул 1937- жылы Кашкарда каза болуптур.

Ошентип, тагдырдын ырайымсыз мыйзамы Казыбекти тукум жагынан да аябай өксүтүптүр.

Айрым архивдик даректерде сакталып калган жана эл ичинде эскерип айтылган учкай маалыматтар боюнча Казыбектин өмүр таржымалы мына ушундай. Совет доорунда кыштак "Пограничник" колхозу деп аталган Айылда болжол менен 3 500 тургун (600дөн ашуун түтүн) жашайт. Кыштактын негизги тургундарын черик уруусу тузуп, азыраагын сарыбагыш (карасакал), уруусу тузот.Айыл эли коншу айылдардан озгочолонуп ыртымагы цивилизацияга карай багыт алганы менен айырмаланат. Айылда Нааматбек Усөналиев атындагы орто мектеп,№4-Э.Оморов атындагы, Уй булолук дарыгерлер тобу,"Жеткинчек"атындагы чакан бала бакча азыркы убакта иш устундо.

Кыштактан чыккан чыгаандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казыбек казалчы, адабият таануучу Ыбырайым Абдрахманов,Сатыбалды Нааматов,композитор Төлөгөн Томотоев, манас таануучу Самар Мусаев, экс-министр, окумуштуу Абдылда Мусаев, кыргыздын чет тили боюнча биринчи профеесору Турдакун Усеналиев,Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Сейитказы Андабеков жубайы Койсун Карасартова. Журналисттер Кубат Оторбаев, Бейшенбек Калыков, Макен Чекиров, Тынчтык Алтымышев, Болот Абдыжапаров, Чолпон Орозобекова ж.б.(маалыматты топтогон Улан Дуйшоналы уулу).

Калкы - 3767 киши. (2009)[1]

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  • Калыгул. Казыбек. Казалдар / Башкы ред. Кеңеш Жусупов. - Бишкек: "Ала Тоо" журналы, 1992. - 136 бет. - ISBN 5-900162-01-X.
  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 216-бетте). - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]