Мазмунга өтүү

Төлөгөн Касымбек

Википедия дан
Касымбеков Төлөгөн‎»‎ барагынан багытталды)
Төлөгөн Касымбек
Туулган датасы:

15 -январь 1931(1931-01-15)

Туулган жери:

Ак-Жол (Аксы району ), Кыргыз АССР, РСФСР, ССРС

Өлгөн датасы:

16 -июнь 2011(2011-06-16) (80 жаш)

Өлгөн жери:

Бишкек, Кыргызстан

Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

прозаик, редактор

Чыгармачылык жылдары:

1952—2011

Багыты:

социалисттик реализм, тарыхый окуялар

Чыгармаларынын тилдери:

кыргызча, орусча

Дебют:

Кичинекей жылкычы

Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Баатыры
Кыргыз Республикасынын Баатыры
1- даражадагы «Манас» орденинин ээси
1- даражадагы «Манас» орденинин ээси
Кол тамгасы:

Кол тамгасы

Төлөгөн Касымбек[1][2] (1931 — 2011[2]) — советтик жана кыргызстандык жазуучу[3]. Кыргыз Республикасынын Баатыры[4]. Кыргыз Эл жазуучу, Кыргыз Эл Баатыры[5], Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты[6].

Төлөгөн Ак-Жол айылында (азыркы Аксы району) туулган. Атасы молдо болгон, Төлөгөн он-төрт же он-беш жашка чыкканда ал каза болду[7].

Анын алгачкы чыгармасы «Кичинекей жылкычы» 1952-жылы Советтик Кыргызстан журналында жарыкка чыккан[8]. 1956-жылы бул аңгеме ошол эле аталыштагы кичине аңгемелер жыйнагы катары китеп болуп басылып чыккан[9][10]. «Хочу быть человеком» («Адам болгум келет») повести 1965-жылы орус тилинде жарык кɵргɵн[11].

Касымбектин чыгармачылыгынын негизин түзгөн тарыхый багыттагы алгачкы чыгармасы 1963-жылы жазылган «Алымкан» драмасы болуп эсептелет[12][6]. 1966-жылы анын эң белгилүү чыгармаларынын бири — «Сынган кылыч[13]» романынын биринчи тому жарык көргөн; экинчи тому 1971-жылы, толукталган нускасы 1998-жылы жарык көргөн[14]. Жазуучу 2000-жылы толукталган нускасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон[6]. Башка чыгармаларынын арасында Кыргызстандын тарыхын ХIХ – кылымдын ортосунан баштап ХХ – кылымдын башына чейин баяндаган «Келкел», «Баскын»[15], «Кыргын» деген романдарын да атап ɵтсɵк болот.

1990–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эл депутаты болуп шайланган, тил, маданият жана билим берүү боюнча эл аралык комиссиянын жетекчиси, ошондой эле Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы болгон. Ак-Жол айылынын айылдык кеңешинде башталгыч класстарга мугалим жана жооптуу катчы болуп иштеген.

  • Сынган кылыч (1966) (1971) (1998)
  • Жетилген Курак (1976)
  • Келкел (1986)
  • Баскын (2000)
  • Кыргын (2008)

«Сынган кылыч» романы казак (Сынған қылыш, 1975), , түркмөн (Synan gylyč, 1977), украин (Зламаний меч, 1978), орус (Сломанный меч, 1980), өзбек (Singan qilich, 1980), англис (The Broken Sword, 1980), түрк (Kırılan Kılıç, 2004) жана уйгур (سۇنغان قىلىچ , 2008) тилдерине которулган.

  • Коке (Көкө) (1958) (орусча)
  • Хочу быть человеком (Адам болгум келет) 1965 (орусча)
  • Жетим
  • Кичинекей жылкычы (1952)
  • Алымкан (1963)
  1. Чоротегин, Тынчтыкбек. Тарыхта көөнөргүс изи калды, Азаттык үналгысы (15.1.2021).
  2. 2.0 2.1 Чоротегин, Тынчтыкбек. Төлөгөн Касымбек: Тарыхый баян устасы, Азаттык үналгысы (16.4.2011).
  3. Azap, Samet (2017). Tölögön Kasımbekov İnsan ve Eser (in түркчө). Bengü Yayınları. ISBN 978-605-9148-52-8. 
  4. https://who.ca-news.org/people/6681
  5. Адабият күнү. Кыргыз Эл Баатыры наамын алган акын-жазуучулар, GOVORI.TV (12.12.2017).
  6. 6.0 6.1 6.2 Акматалиев, Абдылдажан (2014). Токтогул энциклопедиясы (PDF). Бишкек: Турар. 
  7. Төлөгөн Касымбековдун өмүрү жана чыгармачылыгы: элге белгисиз он факты, BBC Кыргыз Кызматы (28.9.2021).
  8. Aşlar, Halit (2012). "Tölögön Kasimbek ve Kırgız Tarihi Romanındaki Yeri". Вестник Бишкекского гуманитарного университета 2: 282–283. 
  9. ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ (1931-2011). Централизованной библиотечной системы г. Бишкек.
  10. Касымбек, Төлөгөн (1956). Кичинекей жылкычы: Аңгемелер. Фрунзе: Кыргызокуупедмамбас. 
  11. Хочу быть человеком: Повесть. Маскөө: Советский писатель. 1965. 
  12. Касымбек, Төлөгөн (1963). "Алымкан: Тарыхий драма". Ала-Too (3): 43-85. 
  13. OLPAK KOÇ, Canan (2012). "Destan Geleneğinden Tarihi Romana: Tölögön Kasımbek ve Kırılan Kılıç I,II". Journal of Turkish Studies. https://turkishstudies.net/turkishstudies?mod=makale_tr_ozet&makale_id=15791#. 
  14. "Сынган кылыч" туурасында 12 кызыктуу факт, Sputnik KG (21.11.2015).
  15. Koç, S. (2002). "Kırgız Edebiyatında Nesrin Gelişimi ve Tölögön Kasımbek". Türk Dünyası Dil ve Edebiyat Dergisi (13). https://dergipark.org.tr/en/pub/tdded/issue/12709/154671. 

Тышкы шилтемелери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]