Мазмунга өтүү

Сатурн

Википедия дан
Сатурн планетасы.

Сату́рн (♄) — Күндөн алтынчы планета. Юпитерден кийин, экинчи зор планета. Сатурн, Юпитер, Уран жана Нептун газ гиганттары деп классификацияланат. Шакекчеси менен таанымал.

Сатурндун орбитасынын чоң жарым огу 1,43 млрд. кмге барабар, эксцентриситети 0,056, орбита тегиздигинин эклиптика тегиздигине жантайышы 2°291. Күндү 9,64 км/сек орточо ылдамдык менен 29,5 жылда толук 1 айланып чыгат. Өз огунун айланасында айлануусу анын экваторунда 10 саат 14 минутага жана экватордон алысыраак орто кеңдигинде 10 саат 39 минга барабар. Сатурндун экваторунун радиусу 60240 км болуп, көлөмү Жердин көлөмүнөн 770 эсе, массасы Жердикине салыштырганда 95 эсе чоң, андагы эркин түшүүнүн ылдамдануусу g =1100 см/сек2ка барабар болору жогорку тактыкта аныкталган.

Сатурндун орточо тыгыздыгы өтө аз болгондуктан ал жеңил газдардан турат деп болжолдонот. Спектрдик анализдин жыйынтыгы бонча планетанын атмосферасынын курамында суутек-H2, метан – CH4, атцетилен – C2H2, этан – С2H6 болуп, анын 99%и суутек менен гелийден турары аныкталган. Сатурндун өзүнөн чыккан 0,5 эрстедге (магнит талаасынын чыңалышынын системадан сырткары бирдиги) жакын магнит талаасы жана радиациялык курчоосу бар. Анын айланасында азыркы кезде белгилүү болгон 17 жандоочусу жана кооз шакектердин катмарлары орун алган. Жандоочулардын дагы жаңы ачылыштары болушу ыктымал.

Сатурндун негизги өзгөчөлүгү — экватордук тегиздигине жайгашкан алкагы. Бүгүнкү күндө Сатурндун 16 табигый жандоочусу – Титан, Янус, Фёба ж.б. бар Сатурндун магнит талаасы аныктала элек.

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов