Сена
Көрүнүш
Сена
| |
---|---|
Сена (Руан). | |
Сена ― Франциядагы дарыя.
Уз. 776 км, алабынын аянты 78,6 миң км2. Лангр платосунан башталып, Ла-Манш кысыгына куят.
Ортоңку жана төмөнкү агымында өрөөнү жазы, нугу ийри-буйру. Башкы куймалары: Об, Марна, Уаза (оң), Йонна (сол). Негизинен жамгыр сууларынан куралат. Ноябрдан мартка чейин суусу кирет.
Жылдык орточо чыгымы Парижде 250 м3/сек, чатына жакын 450-500 м3/сек. Каналдар аркылуу Сомма, Шельда, Самбр, Маас, Рейн, Сона, Луара ж.б. дарыялары менен туташат.
Труа шаарынан тартып кеме жүрөт. Башкы порттору ― Париж, Руан, Гавр.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.