Талдык ашуусу
Көрүнүш
Талдык ашуусу — Алай кырка тоосунда жайгашкан. Алай жана Гүлчө өрөөндөрүн байланыштырат. Бийиктиги 3615 м. Белинде девондун кумдук, чополуу сланец, акиташ теги, капталдарында карбондун акиташ тектери чыгып жатат. Түндүк бети тик (55—60°), жол 12 айланма болуп аркылуу көтөрүлөт; альп жана субальп ландшафты мүнөздүү. Түштүгү жантайыңкы. Ашуу аркылуу Ош — Хорог авто жолу өтөт.
Колдонулаган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2