Таравих
Таравих (ар. تراويح - тыным, эс алуу, дем алуу) - Рамазан айында боло турган орозонун ар бир күнүнөн кийинки түнкүсүн окулуучу намаз. Алгачкы 4 рекетти окугандан соң, анча-мынча тыным алып, анан улантыш керек болгондуктан, «таравих» сөзү арабчадан «тарвиха» (отуруу, эс алуу) деген сөздөн келип чыгат. Мусулмандар үчүн таравих-намазды окуш муаккад сүннөт (зарыл сүннөт) болуп саналат.
Таравихти окуунун зарылчылыгы тууралуу Мухаммед пайгамбардан калган хадистер бар. Көбүнчө, Бухари жыйнагында Мухаммед пайгамбардын Рамазан айында мечитте түнкү намаз окуган окуясы келтирилет. Ошол күнү, муну көрүп тургандар да ага кошулуп, бул намазды чогуу окушкан. Кийинки күнү да ушундай эле болуп, окугандардын саны көбөйө түштү. Бирок, үчүнчү күнгө келгенде, момундардын күтүп жатканына карабастан, пайгамбар мечитке келген жок. Ал эртең менен гана келип, алардын аны менен бирге таравих намаз окуугулары келгенин билип туруп, бир себеп менен, алардын бул намазды милдеттүү деп эсептеп албашсы үчүн атайын келбегенин айткан. Ибн Мадждын хадистер жыйнагында да, Мухаммед пайгамбардын өзүнүн сахабаларына Рамазан айында таравих-намаз окууну буйруганы тууралуу Абу Зарр айтып берген хадис бар. Абу Давудда да пайгамбардын Убай бин Кааб өткөрүп жаткан жамааттык таравих-намазын макул тапканы тууралуу хадис келтирилген.
Таравих намазда 8 рекет болгондугу тууралуу шайкеш хадистер бар. Мисалы, Бухари жыйнагында, Айшанын сөзүнүн негизинде, Мухаммед пайгамбар саны 11 рекеттен ашкан намаз окуучу эмес. Бирок, бул намазды 2-халифа Умардын өткөргөнүндөй, ханафи мазхабында таравих 20 рекет окулат. Алгачкы халифалардын сүннөтүн ээрчүү сунниттик Исламда милдет болуп саналат. Ушуга байланыштуу, Мухаммед пайгамбардын Тирмизи жыйнагында келтирилген бир хадиси бар. Абдулла бин Аббас да таравих намазды жыйырма рекет кылып окуткан. Ошондой эле, ханафи уламалары таравихтин Умар тарабынан 20 рекет болуп окулушу жаңы эреже эмес, Мухаммед пайгамбардын айтуусунун негизинде болгондугун айтышат. (Тахтави, Хашия, 334).
Шии-жафарилер Рамазан айында жалпы саны 1000 рекет болгон кошумча намаздарды окуу туура деп эсептешет. Аларды индивидуалдык тартипте окушат. Мындай намаздын ар бири эки рекеттен турушу керек.
Колдонулган булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- А. Али-заде. Исламский энциклопедический словарь. Ансар 2007. ISBN 5-98443-025-8