Мазмунга өтүү

Тив (эл)

Википедия дан

Тив (тиви, мунши, мунчи, мбичи, мбитсе, митчи, митши, мутчи, аппа) — Нигериянын түштүк-чыгышында (4,3 млн адам) жана Камерундун түштүк-батышында (0,6 млн адам) жашаган эл. Ошондой эле АКШ жана Улуу Британия өлкөрүндө жашашат.
Жалпы саны 5 млн адам (2016).

Тив

Тив улуттук кийимин кийген кичинекей кыз
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 5 млн адам (2016)
 Нигерия — 4,3 млн
 Камерун — 0,6 млн
 Улуу Британия

Тили

тив,
хауса,
англис

Дини

Христианчылык (католиктер, протестанттар, афрохристиандар),
Ислам (сүннөттөр),
Жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Тив, ийон, угбе, утанге (утанга, отанк) жана ундир (ндир) топторго бөлүнөшөт.

Тил

Тив (тиви же мбитши) тили Нигер-конго макробүлөсүнүдөгү бенуэ-конго уясына кирет. Тив тили нигериянын Бенуэ жана Плато штаттарынын расмий тили. Англис жана хауса тилдери да кеңири таралган.

Дин

Калктын көпчүлүгү христиандар (ка­то­ли­ктер, протестанттар, аф­ро­хри­сти­ан­дар) жана мусулмандар (сүннөттөр).
Калгандар жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Ата-бабалар культу. Табияттан тышкаркы күчтөргө (тсав) ишенишет. Жаратылыш күчтөрүнө сыйынышат. Фетишизм (акомбо).

Чарбалык иштер

Салттуу кесиптер — айдоочулук (соко менен) жана кол менен иштетилген (террассалык — адырлардын боорлорунда) жер чарбасы (жүгөрү, таруу, маниок, ямс, күрүч, сорго, буурчак өсүмдүктөр). Малчылык (ири жана майда мүйүздүү мал). Ири мүйүздүү мал кадыр-барктуу ролду ойнойт жана алмашуу наркы.
Балык уулоо (дарыялык). Аңчылык.

Кол өнөрчүлүк

Карапачылык (идиш-аяк жана аба өткөргүчтөрдү жасоо) аялдын кесиби деп саналат.
Темир эритүү жана согуу (курал-жарак жана жасалгаларды жасоо).
Тери иштетүү (булгаарыдан буюм жасоо).
Жыгач оюм.
Өсүмдүктөрдөн токуу.

20-кылымда кол өнөрчүлүк төмөндөп баратат.


Турак жай

Турак жай тегерек формада, дубалдары мамылардан же бири-бирине чырмалышкан таякчалардан, каркасы чопо менен шыбалган.

Кийим

Салттуу кийим — белге оролуп тизеге чейин жеткен кездеме. Эркектер чалма кийишет.

Коом

Коомдук түзүлүштүн негизин чоң үй-бүлө жамааттары (тар), курактык топтор (куав) жана даражалуу коомдор (мбатсав) түзөт. Ар кандай өз ара жардам көрсөтүү коомдору (адаши, динна) бар. Туугандык эсеп аталык. Левират, ала качуу жана сатып алган никеси практикаланат. Башкаруучулук жана ритуалдык ырым-жырымдарды аксакалдар жана бигмендер аткарышат. Эркек балдарды сүннөткө отургузуу, татуировка жасатуу

Маданият

Фольклор арасында космогониялык жана этногенетикалык уламыштар кеңири таралган.

Тарых

Айрым маалыматтарга караганда, алардын ата-бабалары 19-кылымдын башында чамбалардын чабуулунан улам түштүк-чыгыштан келишкен. Башка булактардын айтымында, аларды түндүктөн фульбелер кууп чыккан.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Попов В.А. Тив // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. — М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999.