Суфражизм

Википедия дан
Аялдардын коомдук-саясий биримдигинин (WSPU) лидерлери Энни Кенни (солдо) жана Кристабел Панкхёрст

Суфражизм (французча suffrage - шайлоо укугу), 20-кылымдын башында аялдарга саясий укуктарды (биринчи ирээтте шайлоо укугун) берүүнү максат кылган коомдук-саясий кыймыл. Суфражисттер - аялдар үчүн шайлоо укуктарын талап кылган кыймылдын мүчөлөрү. Ошондой эле, суфражисттер экономикалык жана саясий жашоодо аялдарды басмырлоого каршы чыгышкан. Алар радикалдуу ыкмаларды колдонуу менен күрөш жүргүзүүгө мүмкүн деп эсептешкен.

Суфражисттик кыймылдын тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суфражисттик кыймылдар XIX кылымдын аягында - XX кылымдын башында, өзгөчө Улуу Британияда жана АКШда кеңири жайыла баштаган. Бул кыймылдын активисттери жарандык баш ийбөөнүн агрессивдүү ыкмаларын активдүү колдонушкан: алар өздөрүн дарбазага чынжыр менен байлашкан, темир жолго отуруп, жол тосушкан, демонстрацияларды өткөрүшкөн жана баннерлерди көтөрүп көчөдө турушкан.

Эммелин Панкхёрст башында турган британдык аялдардын коомдук-саясий биримдигинин активисттери митингдерди жана чогулуштарды уюштуруп гана тим болушкан эмес. Алар коюлган талаптарын ишке ашыруу үчүн Британиянын саясий маданияты үчүн салттуу эмес ыкмаларды да колдонушкан, мисалы, суфражисттер өкмөттүк имараттардын айнектерин сындырышкан, саясий оппоненттеринин үйлөрүн өрттөшкөн, полиция менен кагылышууларды атайын жаратышкан, ал эми абакка камалган учурларда ачкачылык жарыялап турушкан.

Улуу Британияда суфражисттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суфражист термин 1903-жылы Эммелин Панкхёрст тарабынан негизделген британдык аялдардын коомдук-саясий биримдигинин (WSPU) мүчөлөрүнө тиешелүү болгон деп эсептелинет. Бул биримдикке жалаң гана аялдар мүчөлүккө кабыл алынган. Кыймылдын негизги өзгөчөлүгү - анын жарандык баш ийбөө позициясы чечкиндүү иш-аракеттер менен коштолгон.[1]

XIX кылымдын аягында айрым өлкөлөрдө аялдар шайлоого катышуу укуктарына ээ боло башташкан. 1893-жылы Жаңы Зеландия өз алдынча өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп, 21 жаштан өткөн аялдарга шайлоо укугун берген.[2]  Ал эми 1903-жылы Британияда аялдарга шайлоо укуктарын берүүдөн баш тартылганда, кыймылдын негиздөөчүсү Эммелин Панкхёрст “ишти аялдар өздөрү колго алганын” билдирет.  WSPU  кыймылынын урааны “Сөздөн-ишке!” болуп калат.[3] Суфражисттер саясатчылардын артынан аңдууга түшүшкөн, полиция менен кагылыш учурунда сексуалдык ыдык көрсөтүүлөргө кабылышкан, тепкичтерге өздөрүн чынжыр менен байлап коюшкан, терезелерди сындырышкан, почта кутучаларын, бош имараттарды жардырышкан, чиркөөлөргө жана алардын мүлктөрүнө зыян келтирүү үчүн жардыргычтарды орнотушкан, мына ушундай аракеттери менен суфражисттер массалык маалымат каражаттарында шылдыңга жана жектөөгө туш болушкан. Түрмөгө камалгандар ачкалык жарыялашкан, суфражисттердин бул аракетине жооп кылып, өкмөт аларды күчтөп тамактандырууга өткөн. Мындай күч менен тамактандырууга алгачкылардан болуп Эвалин Хильда Беркитт дуушар болгон. Ал эми 1903-жылы жарыш учурунда суфражист Эмили Девисон  королго тиешелүү аттын алдынан чуркап чыгат. Натыйжада, активист каза болот.  Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар негизги бетке жазып чыгарышкан. WSPU өнөктүгү суфражисттик кыймыл ичинде ар кандай деңгээлде колдоого ээ болгон. Айрым топтор кыймыл ичинен бөлүнүп чыга башташкан,  ал эми WSPU кыймылынын мындай активдүү аракеттерин колдобогон да мүчөлөрү болгон.[4]

Суфражисттердин өнөктүгү 1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда убактылуу токтогон.  Согуштан кийин  Улуу Британияда “1918-жылдагы элдик өкүлчүлүк тууралуу мыйзам” жарыяланып, мүлк боюнча айрым бир талаптарга жооп берген, жашы 30 дан ашкан аялдарга шайлоо укугу берилип баштаган. Туура 10 жыл өткөн соң, “1918-жылдагы элдик өкүлчүлүк тууралуу мыйзам”  21 жаштан жогору болгон бардык аялдарга шайлоо укуктарын берген. Натыйжада, аялдар эркектер менен теңме-тең шайлоо укуктарына ээ болушкан.

Аялдардын  коомдук-саясий биримдигинин иш-чаралары (WPSU)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1905-жылы Манчестрде өткөн саясий митингде атактуу либерал саясатчылар Уинстон Черчилл жана Эдвард Грей эл алдына чыгып сүйлөп жаткан учурларында, Кристабель Панкхёрст жана фабрика жумушчусу Энни Кенни саясатчыларга аялдардын саясий укуктары тууралуу суроолорун беришип, саясатчыларга тоскоолдук жаратышат. Качан гана алар “Аялдар үчүн добуш берүү” деп жазылган плакаттарын алып чыгышканда, активисттерди “полицияга кол салды” деген айып менен камака алышкан. Панкхёрст жана Кенни сот алдында айып пул төлөөдөн баш тартышат,  активисттер алардын иши коомчулукка жайылышы үчүн түрмөгө отурууну чечишет.[5]

1908-жылы июлда WSPU Манчестердин жанындагы Хитон паркында чоң демонстрация уюштуруп, спикерлер 13 ар башка жерлерде, анын ичинде Эммелин, Кристабел жана Адела Панкхёрст эл алдында чыгып сүйлөшкөн. Бул тууралуу “Manchester Guardian” басылмасы төмөнкүдөй жазган:

“Аялдардын шайлоо укуктары үчүн кыймылдын тарапташтары аялдардын коомдук-саясий биримдигин уюштурган Хитон-парктагы кечээки демонстрацияны кандайдыр бир триумф катары баалоого акылуу. Суфражисттер ачык аба-ырайынын аркасында көп сандагы адамдарды чогулта алышты. Топтолгондордун баардыгы эле аялдардын шайлоо укугу кыймылынын колдоочулары болгон эмес. Ошондуктан, активисттер мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашы керек болчу, чогулгандар менен бул теманы талкуулоо бул кыймылга олуттуу пайда алып келмек. Бирок уюштуруу иштери да мактоого татыктуу болду. Полиция аз санда болду, алар дээрлик байкалган жок. Чыгып сүйлөөчүлөр атайын унаа менен Бери-олд-роуддун кире беришине келишти жана аларды полиция платформага чейин коштоп келди. Активисттер сүйлөп бүткөн соң, полиция аларды кайрадан унааларына чейин узатып келишти, бирок мындай коштоп жүрүүгө муктаждык деле жок болчу. Жада калса, бул кыймылга каршылаштардын да баяндамачыларга карата мамилеси жакшы болуп турду. Бирок чогулгандардын көпчүлүгү жөн гана бул күрөштүн миссионерлерин өз көздөрү менен көрүүгө келгендер эле”.[6]

1912-жыл суфражисттер үчүн бурулуш жыл болду, анткени алар агрессивдүү тактикага өтүшүп, “терезелерди сындыруу” өнөктүгүн башташкан. WSPU айрым мүчөлөрү, алардын ичинде Эммелин Петик-Лоуренс жолдошу Фредерик менен биргеликте бул стратегияга каршы чыгышкан. Бирок Кристабель Панкхёрст алардын каршы позициясын көңүлгө албай коет. Суфражисттердин мындай аракеттерине жооп кылып, өкмөт кыймылдын лидерлерин камоого буйрук берет. Натыйжада, Кристабель Панкхёрст Францияга качып кеткенге үлгүрөт, ал эми Петик-Лоуренстер кармалып, аларды сот 9 айлык мөөнөткө түрмөгө камоо чечимин чыгарган.[7]

Бул камоолордон соң, суфражисттер андан да агрессивдүү ыкмаларга өтүшкөн: алар өздөрүн тепкичтерге чынжыр менен байлай башташкан, почта кутучаларын өрттөшүп, терезелерди сындыра башташкан. Кийинчерээк жардыргыч заттарды колдонууга өтүшкөн.[8] 1914-жылы Бириккен Королдуктун аймагында аз дегенде 7 чиркөө өрттөлгөн, же жардырууларга туш болгон. Байлар, адатта эркектер көп барган жерлер да өрттөлүп, жок кылынган, бирок адамдардын өмүрүнө коркунуч аз болгон убактарда чабуул жасалчу. Крикет павильондору, ат чабыш павильондору, чиркөөлөр, сепилдер жана байлардын кошумча турак-жайлары сыяктуу жерлер талкаланган. Мындан тышкары, суфражисттер гольф аянтчаларынын чөптөрүндө «Аялдарга добуш берүү укугу» деген ураандарды өрттөп, жазуу калтырышкан. 1913-жылдын алты айында 250 өрттөө же талкалоо учурлары катталган.[9]

Парламенттин документтеринде “жардыруучу каражаттардын”, жардыруулардын, көркөм өнөрдү жок кылуунун (анын ичинде Лондон улуттук галереясындагы Веллингтон герцогунун портретине балта менен кол салуу), өрттөө, терезелерди сындыруу, почта кутучаларын өрттөп жиберүү сыяктуу окуялардын тизмелери камтылган эсептер бар. Ошондой эле, согуштук маанай күчөп турган 1910-1914-жылдары телеграф кабелдерин кесүүлөр да катталганы парламенттик отчетто айтылат.  Полиция менен кошо суфражисттер тарабынан да “террор падышалыгы” тууралуу айтыла баштаган. Ал эми гезиттердин баш макалалары "Суфражисттик терроризм" темаларына көңүл бура баштаган.[10]

Эркиндикти чектөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

20-кылымдын башында жана Биринчи дүйнөлүк согуш башталганга чейин Британияда миңге жакын суфражисттер түрмөгө камалган. Эң алгачкы камоолор тартип бузуу жана айып пул төлөбөгөндүгү үчүн ишке ашырылып келген.

1909-жылы июлда Марион Уоллес Данлоп вандализм үчүн бир айга камакка кесилген. Ал нааразылык билдирүү максатында тамак ичүүдөн баш тарткан, жана медициналык себептерден улам бошотулган.[11] Данлоптун стратегиясын түрмөгө камалган башка суфражисттер да  колдоно башташкан. Бул активисттер үчүн камакка алынганда, тамак ичүүдөн баш тартуу кадыресе көрүнүшкө айланган. Мындай ачкалык жарыялоодон соң, алар бир нече убакыттан кийин боштондукка чыгырылып турган. Эркиндикке чыккан активисттер кайрадан “согуш линиясына” кайтып келишчү.[11]

Суфражисттердин мындай катуу кадамдары улам агрессивдүү түргө өтө баштагандыктан,[12] британ өкмөтү буга чараларды көрө баштаган. Тамактануудан баш тарткан суфражисттерди эркиндикке чыгарууну каалабаган бийлик, 1909-жылдын күз айларынан тарта түрмөдөгү ачкалыкка каршы чечкиндүү иш-аракеттерди баштайт. 1909-жылдын сентябрында Ички иштер министрлиги ачкалык жарыялаган суфражисттерди мөөнөтү бүтмөйүнчө, эркиндикке чыгарууга тыюу салат.[13] Бийлик үчүн суфражисттер жүк боло баштайт, анткени түрмөдө каза болгон активисттердин өлүмү үчүн түрмөгө жоопкерчилик жүктөлгөн. Ошондуктан, түрмө жетекчилиги тамактан баш тарткан суфражисттерди түтүкчө менен күчкө салып тамактандырууну колго алган.[14]

1913-жылы апрель айында Ички иштер министрлигинен Реджинальд Макенна туткундар тууралуу мыйзам кабыл алган. Бул мыйзам ден-соолугу начарлаган активисттерди убактылуу бошотууга уруксат берген жана коомчулукка “мышык-чычкан мыйзамы” деген аталышта кеңири белгилүү болгон. Аталган мыйзам ачкалыкка уруксат берген, бирок абалы начарлаган суфражисттер убактылуу гана кое берилген. Ден-соолугу калыбына келген активисттер кайрадан камакка алынган. Мыйзам аркылуу Британ бийлиги суфражисттердин ачкалыктан мүмкүн болгон өлүмү боюнча айыптоолордон өзүн коргоп калган. Ошондой эле, ден-соолугу начарлаган алсыз жана оорулуу суфражисттер эркиндик убагында эч кандай митингдерге катыша албастыгы мыйзамдуу түрдө кепилденген.[14]

Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда, британдык суфражисттер өз активдүүлүгүнөн убактылуу баш тартып, согуш муктаждыктарына көңүл бура башташкан. Ачкалык акциялары дээрлик токтотулган. 1914-жылдын август айында британ өкмөтү амнистия аркылуу бардык суфражисттерди бошоткон,[13] ал эми Эммелин Панкхёрст мындан кийин күч колдонгон суфражисттик акцияларды өткөрүүдөн баш тарткан. Суфражисттердин согушка аттанышы - алардын коомчулук алдында беделин өстүрүп, 1918-жылы аялдарга шайлоо укуктарын жарым-жартылай берүүгө түрткү болгон.[15]

1918-жылы 6-февралда “Эл өкүлчүлүгү тууралуу мыйзамга” кол коюлуп, анда 21 жаштан жогорку бардык эркектерге жана минималдуу мүлк талабына жооп берген, жашы  30дан ашкан аялдарга добуш берүү укугу берилген.[16]  Бул болжол менен 8,4 миллион аял добуш берүү укуктарына ээ болгон дегенди билдирет. Ал эми 1918-жылы ноябрда аялдардын парламентке шайлануусуна уруксат берген мыйзамга кол коюлган.[17] 1928-жылдагы “Эл өкүлчүлүгү тууралуу” мыйзамы 21 жаштан жогорку бардык аялдарга добуш берүү укугун берди.  Натыйжада, эркектерге 10 жыл мурун берилген мындай укуктарга эми аялдар да ээ болушту.[18]

Америка Кошмо Штаттарында суфражисттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суфражисттер «1917-жылдын октябрында добуш берүүнү талап кылган бир миллиондон ашык Нью-Йорктук аялдардын кол тамгаларын камтыган плакаттарды көтөрүп чыгышат».

Аялдардын мыйзамдуу добуш берүү укугу Америка Кошмо Штаттарында жарым кылымдан ашык убакыттын ичинде, адегенде ар кайсы штаттарда, кээде чектелген негизде, андан кийин 1920-жылы 19-түзөтүүнүн (19th Amendment) кабыл алынышы менен улуттук деңгээлде түзүлгөн.

1700-дөн 1800-жылдардын башына чейин Нью-Джерси аялдарга 19-түзөтүү кабыл алынганга чейин добуш берүү укугун берген, бирок 1807-жылы штат добуш берүү укугун "...салык төлөгөн, ак түстөгү эркек жарандарга..." гана чектеген.[19][20]

Аялдардын шайлоо укугуна болгон суроо-талап 1840-жылдары күч ала баштаган. 1848-жылы Сенека-Фолс конвенциясы, аялдардын укуктары боюнча биринчи конвенция, идеяны өтө ашынган деп эсептеген уюштуруучулардын айрымдарынын каршылыгына карабай, аялдардын шайлоо укугун жактаган резолюция кабыл алган.[21] 1850-жылы биринчи Улуттук Аялдардын Укуктары Конвенциясы кабыл алынган учурда, шайлоо укугу кыймылдын ишинин барган сайын маанилүү аспектиси болуп калды.

Биринчи улуттук суфражист уюмдары 1869-жылы, бири Сьюзан Б. Энтони жана Элизабет Кэди Стэнтон жана экинчиси Люси Стоун жана Фрэнсис Эллен Уоткинс Харпер тарабынан түзүлгөн. Көп жылдык атаандаштыктан кийин алар 1890-жылы Америкалык Аялдардын шайлоо укугу боюнча улуттук ассоциациясы (NAWSA) катары биригишкен. 1873-жылы түзүлгөн жана ошол кездеги эң чоң аялдар уюму болгон Аялдардын Христиан Тынчтык Биримдиги (WCTU) дагы аялдардын шайлоо укугун колдоп, кыймылга чоң түрткү берген.[22]

АКШнын Жогорку Соту аялдардын конституциялык добуш берүү укугуна ээ деп чечет деп үмүттөнүп, суфражисттер 1870-жылдардын башында бир нече жолу добуш берүүгө аракет кылышкан. Алардын аракеттери ийгиликсиз болгондон кийин сотко кайрылышкан. Энтони 1872-жылы добуш берүүгө жетишкен, бирок бул иш үчүн камакка алынган жана күнөөлүү деп табылган. 1875-жылы Жогорку Сот  “Минор Хапперсеттке каршы” иш боюнча суфражисттерге каршы чечим чыгаргандан кийин, алар АКШнын Конституциясына аялдарга укук бере турган түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн ондогон жылдарга созулган кампанияны башташкан. Бирок, кыймылдын күчүнүн көбү ар бир штатта шайлоо укугун камсыз кылуу ишине багытталган.[21]

Аялдарга добуш берүү укугун берген биринчи штат Вайоминг (1869-жылы), андан кийин 1870-жылы Юта, 1893-жылы Колорадо, 1896-жылы Айдахо, 1910-жылы Вашингтон, 1911-жылы Калифорния, 1912-жылы Орегон жана Аризона, 1914-жылы Монтана, 1917-жылы Түндүк Дакота, Нью-Йорк жана Род-Айленд, 1918-жылы Луизиана, Оклахома жана Мичиган.[23]

1916-жылы Элис Пол улуттук шайлоо укугуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган Улуттук Аялдар партиясын (NWP) түзгөн. Анын 200дөн ашуун жактоочулары 1917-жылы Ак үйгө пикетке чыкканда камакка алынган. Алардын айрымдары түрмөгө камалып ачкачылык жарыялагандан кийин күч менен тамактандырылышкан. Кэрри Чапман Кэтттин жетекчилиги астында эки миллион мүчөдөн турган Америкалык Аялдардын шайлоо укугу боюнча улуттук ассоциациясынын (NAWSA) дагы приоритеттүү максаты улуттук шайлоо укугуна өзгөртүүлөрдү киргизүү болгон. АКШ Конгрессинде жана штаттын мыйзам чыгаруучу органдарында бир катар катуу добуштардан кийин 19-түзөтүү 1920-жылдын 18-августунда АКШнын Конституциясына киргизилген.[24] Анда мындай деп айтылат: «Америка Кошмо Штаттарынын жарандарынын добуш берүү укугу Америка Кошмо Штаттары же кайсы бир штат тарабынан жыныстык өзгөчөлүгүнө байланыштуу четке кагылбайт же кыскартылбайт».

Аялдарга шайлоо укуктарын берүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эң биринчи аялдарга шайлоо укуктарын берген өлкө Жаңы Зеландия болгон. 1893-жылы бул өлкөнүн 21 жашка толгон кыздары шайлоо укугуна ээ болушкан. Ал учурда Жаңы Зеландия Британ империясынын курамында болгон. Ал эми 1902-жылы Австралия аял жарандарына шайлоого жол ачып берген. Андан соң Европанын айрым өлкөлөрүндө 18 ге толгон билимдүү аялдарга бул укуктар бериле баштаган: Орусия империясында - Улуу Финляндык княздыгында - 1906-жылы, Норвегияда - 1913-жылы, Данияда жана Исландияда - 1915-ж. Ал эми Орусия Империясынын калган аймактарында 15-апрель, 1917-жылы аялдар шайлоо укугун алышкан.

Ал эми Грузияда, Азербайжанда, Польшада жана Канадада 1918-жылы аялдарга шайлоо укуктары берилген. Бирок 1919-жылга чейин бул укуктар чектелүү болгон, анткени аялдар өздөрүнүн атынан эмес, аскер кызматындагы эң жакын туугандары үчүн гана добуш бере алышкан. 1919-жылы Германияда, Нидерландда, Швецияда, Люксембургда жана Бельгияда (муниципалдык шайлоолор үчүн гана) аялдар шайлоо жана шайлануу укугуна жетишишкен. Ал эми 1920-жылы - АКШда, Чехословакияда, Австрияда жана Мажарстанда жалпы шайлоо укугу киргизилген. Ушул эле укуктарды аялдарга берүү өнөктүгү 1922-жылы - Ирландияда,  1928-жылы - Улуу Британияда, 1931-жылы - Испанияда, 1932-жылы - Бразилияда, 1934-жылы - Кубада ишке аша баштаган.

1944-жылы Францияда жана Болгарияда, 1945-жылы Италияда, 1947-жылы Пакистанда, Индияда жана Кытайда, 1948-жылы Румынияда жана Бельгияда (улуттук деңгээлде), 1952-жылы Грецияда, 1962-жылы Монакодо аялдарга шайлоо укугу берилген. Ал эми 1971-жылы - Швейцария, 1974-жылы - Португалия, 1984-жылы - Лихтенштейн, 2005-жылы - Кувейт, 2006-жылы - Бириккен Араб Эмираттары, 2008-жылы - Бутан, 2011-жылы - Сауд Арабиясы аялдарга шайлоого жана шайланууга укуктарды беришкен. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин Ватикан мамлекети гана аялдарга добуш берүүгө тыюу салган.

Аялдарга добуш укугун берүү хронологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкө Аялдарга биринчи жолу улуттук деңгээлде шайлоо укугу берилген жыл. Кошумча маалымат
Ооганстан
Ооганстан
1964[25][26][27]
Албания Албания[28] 1945
Алжир Алжир 1962 Эгемендүүлүка алгандан кийин
Андорра Андорра 1970
Ангола Ангола 1975
Аргентина Аргентина 1947[29]
Армения Армения 1917 (Орусия мыйзамдары кабыл алуу менен) 1919 March (өзүнүн мыйзамдарын кабыл алуу менен)[30]
Австралия Австралия 1902 (жергиликтүү эместер гана)

1962 (толук)

Австрия Австрия 1918
Азербайжан Азербайжан 1918
Багама аралдары 1960
Бахрейн Бахрейн 2002
Бангладеш Бангладеш 1971 (эгемендүүлүк алгандан кийин)
Барбадос Барбадос 1950
Британ Ливард аралдары

(Бүгүн: Антигуа жана Барбуда, Британ Виргин аралдары, Монтсеррат, Сент-Китс жана Невис, Ангилья)

1951
Британ Виндворд аралдары (Бүгүн: Гренада, Ыйык Люсия, Сент Винсент жана Гренадиндер, Доминика) 1951
Беларусь Беларусь 1919
Бельгия Бельгия 1919/1948
Гондурас (Бүгүн: Белиз) 1954
Дагомея (Бүгүн: Бенин) 1956
Бермуда аралдары 1944
Бутан 1953
Боливия Боливия 1938/1952
Боствана 1965
Бразилия Бразилия 1932
Бруней 1959 Учурда Брунейде улуттук шайлоо токтотулду. Аялдар да, эркектер да жергиликтүү шайлоолордо гана добуш берүүгө укуктуу.
Болгария Болгария 1937/1944
Жогорку Вольта (Бүгүн: Буркина Фасо) 1958
Бурма 1922
Бурунди Бурунди 1961
Камбоджа 1955
Камерун Британиялык Камерун (Бүгүн: Камерун) 1946
Канада Канада 1917–1919 Канаданын көпчүлүк бөлүгү үчүн;
Кабо-Верде Кабо-Верде 1975 (эгемендүүлүгүн алгандан кийин)
Кайман аралдары 1957
Борбордук-Африка Республикасы Борбордук Африка Республикасы 1986
Чад Чад 1958
Чили Чили 1949
Кытай Кытай 1949
Колумбия Колумбия 1954
Комор Аралдары Комор аралдары 1956
Конго Демократиялык Республикасы Заир (Бүгүн: Конго Демократиялык Республикасы) 1967
Конго Республикасы Конго Республикасы 1963
Кук аралдары 1893
Коста-Рика Коста-Рика 1949
Куба Куба 1934
Кипр Республикасы Кипр 1960
Чехословакия Чехословакия (Today: Чех Республикасы, Словакия) 1920
Дания Дания (Фарер аралдары жана, ошол убакта, Исландия кошо) 1908 жергиликтүү добуш берүү, 1915 улуттук парламентке
Жибути 1946
Доминикана Республикасы 1942
Чыгыш Тимор Чыгыш Тимор 1976
Эквадор Эквадор 1929/1967
Мысыр 1956
Сальвадор Эль Сальвадор 1939/1950
Экваториадык Гвинея 1963
Эритрея Эритрея Добуш беришпейт
Эстония Эстония 1917
Эсватини (Мурун: Свазиленд) 1968
Эфиопия империясы (кийин Эритрея менен кошо) 1955
Фижи Фижи 1963
Финляндия Финляндия 1906
Франция Франция 1944
Габон Габон 1956
Гамбия Гамбия 1960
Грузия Грузия Демократиялык Республикасы 1918
Веймар Республикасы 1918
Конго Республикасы Гана 1954
Грекия Греция 1930 (жергиликтүү добуш берүү, билими барлар үчүн), 1952 (толук)
Гренландия 1948 [31]
Гватемала Гватемала 1945/1965
Гвинея Гвинея 1958
Гвинея-Бисау Гвинея-Бисау 1977
Гуяна 1953
Гаити Республикасы Гаити 1950
Гавайи 1840–1852
ондурас 1955
Гонконг Гонконг 1949
Венгрия Мажар Республикасы (1918–19) 1919 (жарым-жартылай)
1945 (толук)
Индия Индия (эгемендүүлүк алгандан кийин) 1947
Индонезия Индонезия 1937 (европалыктар учүн)
1945 (эгемендүүлүк алгандан кийин баарына)
Иран Иран 1963
Ирак Ирак 1948[32]
Ирландия Ирландия 1918 (жарым-жартылай)
1922 (толук)
Isle of Man 1881
Израиль Израиль 1948
Италия Италия 1925 (жарым-жартылай), 1945 (толук) 1925-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоо. 1945-жылы толук шайлоо укугу.
Пил Сөөгү Жээги 1952
Жамайка Ямайка 1944
Жапония Жапония 1946
Джерси 1919[33]
Джордан 1974
Казакстан Казак ССР 1924
Кения Кения 1963
Кирибати Кирибати 1967
Корей Эл-Демократиялык Республикасы Түндүк Корея 1946[34]
Корея Республикасы Түштүк Корея 1948
Кувейт Кувейт 2005[35]
Кыргызстан Кыргыз ССР 1918
Лаос Лаос 1958
Латвия Латвия 1917
Лебанон 1952[36]
Лесото Лесото 1965
Либерия Либерия 1946
Ливия Ливия 1963 (1951 жергиликтүү кеңеш) [37]
Лихтенштейн 1984
Литва Литва 1918
Люксембург Люксембург 1919
Мадагаскар Мадагаскар 1959
Малави Малави 1961
Малайзия Малая Федерациясы (Бүгүн: Малайзия) 1955
Мальдив 1932
Мали Мали 1956
Мальта Мальта 1947
Маршал аралдары 1979
Мавритания Мавритания 1961
Маврикий 1956
Мексика Мексика 1953
Микронезия Федеративдик Штаттары Микронезия Федеративдик Штаттары 1979
Молдова 1929/1940
Монако Монако 1962
Монголия Монголия 1924
Марокко Марокко 1963
Мозамбик Мозамбик 1975
Намибия Намибия 1989 (эгемендүүлүк алгандан кийин)
Науру Науру 1968
Непал Непал 1951 (демократияга жеткенден кийин)
Нидерланддар Нидерланддар 1917
Нидерланд Антиль Аралдары (Бүгүн: Aruba, Кюрасао, Сент-Мартин, Кариб Нидерланддары) 1949
Жаңы Зеландия Жаңы Зеландия 1893
Никарагуа Никарагуа 1955
Нигер Нигер 1948
Нигерия Нигерия 1958
Норвегия Норвегия 1913
Оман Оман 1994
Пакистан Пакистан 1947 (эгемендүүлүк алгандан кийин)
Палау Палау 1979
Палестина Палестина 1972
Панама Панама 1941/1946
Папуа Жаңы Гвинея 1964
Парагвай Парагвай 1961
Перу Перу 1955
Филиппиндер 1937
Питкэрн аралдары 1838
Польша Польша 1918
Португалия Португалия 1911/1931/1976
Пуэрто-Рико Пуэрто-Рико 1929/1935
Катар Катар 1997
Румыния Румыния 1929/1939/1946
Орусия Орусия Федерациясы 1917
1961
Сауд Арабиясы Сауд Арабиясы 2015
Самоа Самоа 1990 Самоадагы шайлоолор матайдын талапкерлигин чектесе да, жалпы шайлоо укугу бар..[38]
Сан-Марино Сан-Марино 1959
Конго Республикасы Сан-Томе жана Принсипи 1975
Сенегал Сенегал 1945
Сейшелдер 1948
Сьерра-Леоне 1961 1790-жылдары Сьерра-Леоне колония болуп турганда, аялдар шайлоодо добуш бере алышкан.[39]
Сингапур Сингапур 1947
Соломон Аралдары Соломон аралдары 1974
Сомали Сомали 1956
Түштүк-Африка Республикасы Түштүк Африка 1930 (Европалык жана Азиялык аялдар үчүн)
1994 (бардыгына)
Испания Испания 1924[11][40][41], 1931[11][13][14] 1977[13]
Шри-Ланка Шри-Ланка (Мурда: Цейлон) 1931
Судан Судан 1964
Суринам 1948
Швеция Швеция 1919
Швейцария Швецария 1971 федеряциялык деңгээлде 1959 жана1990 жергиликтүү деңгээл
Сирия Сирия 1949
Тоскана Улуу Герцогдугу 1848
Тайвань Тайвань 1947 1945-жылы Тайвань аралы Япониядан Кытайга кайтарылган. 1947-жылы аялдар Кытай Республикасынын Конституциясы боюнча шайлоо укугун жеңип алышкан. 1949-жылы Кытай Республикасынын Өкмөтү материктик Кытайдан ажырап, Тайванга көчүп кеткен.
Тажикстан Тажик ССР 1924
Танзания Танзания 1959
Тайланд 1932
Того Того 1945
Тонга Тонга 1960
Тринидад жана Тобаго 1925
Тунис Тунис 1957
Түркия Түркия 1930 (жергиликтүү деңгээл), 1934 (улуттук деңгээл)
Түркмен ССР 1924
Тувалу Тувалу 1967
Уганда Уганда 1962
Украина Украина 1917 Украина Эл Республикасы,[42] 1918 Батыш Украина Эл Республикасы, 1919 (Украиналык ССР)
Бириккен Араб Эмирликтери Бириккен Араб Эмирликтери 2006 Бириккен Араб Эмираттарында шайлоолор улуттук деңгээлде өткөрүлөт. Бирок, алардын демократиялык пайдалуулугу талаштуу.[43][44]
Улуу Британия Улуу Британия 1918 (жарым-жартылай)
1928 (толук)
1918-жылдан 1928-жылга чейин аялдар 30 жашында мүлктүк квалификациясы бар же Улуу Британиянын университеттеринин бүтүрүүчүсү болсо добуш бере алышкан, ал эми эркектер 21 жашында эч кандай квалификациясы жок добуш бере алышкан. 1928-жылдан баштап аялдар эркектер менен бирдей шайлоо укугуна ээ болушту.
Америка Кошмо Штаттары АКШ 1920 (дээрлик баары)

1965 (укуктук коргоо)

1920-жылы Он тогузунчу түзөтүү ратификацияланганга чейин айрым штаттар аялдарга шайлоонун ар кандай түрлөрүнө добуш берүүгө уруксат берген мыйзамдарды кабыл алышкан.[45] Мыйзамдуу түрдө добуш берүүгө укугу бар болсо да, 1965-жылга чейин кара түстүү адамдар (анын ичинде кара түстүү аялдар) көптөгөн Түштүк штаттарда добуш берүү укугунан иш жүзүндө баш тартышкан.
Вирджин Аралдары 1936 1936-жылдан баштап аялдар добуш бере алышат; бирок, бул добуш, эркектер сыяктуу эле, алар жылына $300 же андан көп кирешеси бар экенин далилдей алгандар менен гана чектелген.
Уругвай Уругвай 1917/1927 Уругвай бүткүл Америкадагы биринчи өлкө болгон жана дүйнөдө биринчилерден болуп аялдарга толук бирдей жарандык укуктарды жана жалпы шайлоо укугун берген (1917-жылдагы Конституциясында), бирок бул шайлоо укугу биринчи жолу 1927-жылы ишке ашырылган.[46]
Өзбекстан Өзбек ССР 1938
Вануату Вануату 1975
Ватикан Ватикан Добуш беришпейт Кардиналдар Колледжи тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу шайланган Рим папасы католик чиркөөсүнүн лидери болуп саналат жана Ватикан мамлекетинин үстүнөн жогорку мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигин ишке ашырат.[47]
Венесуэла Венесуэла 1946 (жарым-жартылай) Венесуэладагы шайлоонун легитимдүүлүгү боюнча талаш-тартыштар болсо да, алар улуттук деңгээлде уланууда.
ВьетнамВьетнам 1946
Түндүк Йемен (Today: Йемен) 1970
Түштүк Йемен (Today: Йемен) 1967
Замбия Замбия 1962 (кийин Түндүк Родезия) 1962-жылы Түндүк Родезияда аялдарга шайлоо укугу берилген.[48]
Түштүк Родезия (Today: Зимбабве) 1919 (актар үчүн гана) 1978 (толукl)
Югославия Югославия (Today: Сербия, Сонтенегро, Хорватия, Словения, Босния жана Герцеговина, Косово, Түндүк Македония) 1945

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Holton, Sandra Stanley (November 2011). “Challenging Masculinism: personal history and microhistory in feminist studies of the women's suffrage movement”. Women's History Review. 20 (5): (829–841), 832. DOI:10.1080/09612025.2011.622533.
  2. Harper, Ida Husted. History of Woman Suffrage, volume 6 (National American Woman Suffrage Association, 1922) p. 752.
  3. Pankhurst, Christabel (1959). Unshackled: The Story of How We Won the Vote. London: Hutchison, p. 43.
  4. Holton, Sandra Stanley (November 2011). “Challenging Masculinism: personal history and microhistory in feminist studies of the women's suffrage movement”. Women's History Review. 20 (5): (829–841), 832. DOI:10.1080/09612025.2011.622533.
  5. Trueman, C.N. Women's Social and Political Union. History learning site. C.N. Trueman. (англ.) Текшерилген күн: 26.03.2023
  6. Anon. Women Suffrage: The Demonstration in Heaton Park: A Great Gathering, The Manchester Guardian, The Manchester Guardian (20 July 1908).
  7. Simkin, John The Suffragette. spartacus-educational.com. Spartacus Educational Publishers Ltd. Дата
  8. SUFFRAGETTES., Adelaide: National Library of Australia (16 April 1913), С. 7. Архивировано 4 ма
  9. Porter, Ian Suffragette attack on Lloyd-George. London walks. London Town Walks. Текшерилген күн: 26.03.2023
  10. Kitty Marion: The actress who became a 'terrorist'. BBC News (27.05.2018). Текшерилген күн: 26.03.2023
  11. 11.0 11.1 11.2 11.3 Geddes, J. F. Culpable Complicity: the medical profession and the forcible feeding of suffragettes, 1909–1914 (англ.) // Women's History Review[en] : journal. — 2008. — Vol. 17. — P. 79—94. — doi:10.1080/09612020701627977
  12. Geddes, J. F. Culpable Complicity: the medical profession and the forcible feeding of suffragettes, 1909–1914 (англ.) // Women's History Review[en] : journal. — 2008. — Vol. 17. — P. 79—94. — doi:10.1080/09612020701627977.
  13. 13.0 13.1 13.2 13.3 Geddes, J. F. Culpable Complicity: the medical profession and the forcible feeding of suffragettes, 1909–1914 (англ.) // Women's History Review[en] : journal. — 2008. — Vol. 17. — P. 79—94. — doi:10.1080/09612020701627977. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name ":1" defined multiple times with different content
  14. 14.0 14.1 14.2 Miller, Ian. Necessary Torture? Vivisection, Suffragette Force-Feeding, and Responses to Scientific Medicine in Britain c. 1870–1920 (англ.) // Journal of the History of Medicine and Allied Sciences[en] : journal. — 2009. — Vol. 64. — P. 333—372. — doi:10.1093/jhmas/jrp008. — PMID 19357183. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name ":2" defined multiple times with different content
  15. Jones, J. Graham. «Lloyd George and the Suffragettes», National Library of Wales Journal (2003) 33#1 pp. 1-34
  16. “Britain marks a century of votes for women”. The Economist. 3 February 2018. Текшерүү күнү: 26.03.2023.
  17. Fawcett, Millicent Garrett. The Women’s Victory — and After. p.170. Cambridge University Press
  18. Stearns, Peter N. (2008). In 1979 the first British women prime minister Margaret came. The Oxford encyclopedia of the modern world, Volume 7. p.160. Oxford University Press, 2008
  19. "Did You Know: Women and African Americans Could Vote in NJ before the 15th and 19th Amendments? (U.S. National Park Service)". (англ.) www.nps.gov. Текшерилген күн: 26.03.2023.
  20. "Was New Jersey Exceptional?: The Nation's First Women Voters". www.amrevmuseum.org. Текшерилген күн: 26.03.2023.
  21. 21.0 21.1 Katz, Elizabeth D. (July 30, 2021). "Sex, Suffrage, and State Constitutional Law: Women's Legal Right to Hold Public Office". Yale Journal of Law & Feminism. Rochester, NY. SSRN 3896499.
  22. Burlingame, Dwight (2004). Philanthropy in America: A Comprehensive Historical Encyclopedia. ABC-CLIO. pp. 511. ISBN 9781576078600.
  23. "Timeline and Map of Woman Suffrage Legislation". Mapping American Social Movements Project. University of Washington. Текшерилген күн: 26.03.2023.
  24. "The 19th Amendment". National Archives. May 16, 2019. Текшериоген күн: 26.03.2023.
  25. Wayne, Tiffany K., ed. (2020). Women's Suffrage: The Complete Guide to the Nineteenth Amendment. ABC-CLIO. ISBN 9781440871993. 
  26. Sankey, Margaret D. (2018). Women and War in the 21st Century: A Country-by-Country Guide. ABC-CLIO. ISBN 978-1440857669. 
  27. Franceschet, Susan; Krook, Mona Lena, eds. (2018). The Palgrave Handbook of Women's Political Rights. Springer. ISBN 978-1137590749. 
  28. Gratë në politikën shqiptare: Nga Ahmet Zogu te Edi Rama – ja emrat më të spikatur | Te Sheshi (June 9, 2015).
  29. Gregory Hammond, The Women's Suffrage Movement and Feminism in Argentina From Roca to Peron (U of New Mexico Press; 2011)
  30. Simon Vratsian Hayastani Hanrapetutyun (The Republic of Armenia, Arm.), Yerevan, 1993, p. 292.
  31. Kvindernes internationale kampdag (Government of Greenland, 2015). Текшерилген күнү 26 Апрель 2023. Түп булактан архивделген күнү 8 -декабрь (бештин айы) 2021.
  32. International Woman Suffrage: A Timeline of Winning the Vote for Women.
  33. Loi sur les Droits Electoraux, 1919
  34. Women's Suffrage. Ipu.org (May 2, 1997).
  35. Kuwait Grants Political Rights to Its Women, The New York Times (May 17, 2005).
  36. Khraiche, Dana. Women's spring: Is Lebanon ready for a feminist political party? (February 4, 2012). Архивировано из первоисточника 19 -май (бугу) 2019. Текшерилген күнү 26 Апрель 2023.
  37. Bernini, Simone. Le elezioni politiche del 1952 in Libia, "Oriente Moderno" Nuova serie, Anno 17 (78), Nr. 2 (1998), pp. 337–51, Fn. 10, p. 339.
  38. IPU PARLINE database: SAMOA (Fono ), Electoral system.
  39. Life on 70 cents a day (December 1, 2008).
  40. Keruin P.Martínez La mujer y el voto en España (исп.) (December 30, 2016).
  41. "Los orígenes del sufragismo en España" (in es). Espacio, Tiempo y Forma (Madrid: UNED) 16: 455–482. 2004. January 2015. https://www.ucm.es/data/cont/docs/995-2015-01-09-sufragismo.pdf. Retrieved February 25, 2019. 
  42. Constituent Assembly of Ukraine.
  43. 2011 United Arab Emirates parliamentary election
  44. UAE's second election has low turnout. Real Clear World (September 2, 2011). Текшерилген күнү 26 Апрель 2023. Түп булактан архивделген күнү 7 Апрель 2012.
  45. Timeline and Map of Woman Suffrage Legislation State by State 1838–1919. depts.washington.edu.
  46. El voto femenino cumple ochenta años en Uruguay – Noticias Uruguay LARED21 (исп.). Lr21.com.uy (July 3, 2007).
  47. WIPO Lex.
  48. Country Profil: Zambia. Action for Southern Africa. Текшерилген күнү 26 Апрель 2023. Түп булактан архивделген күнү 22 -декабрь (бештин айы) 2015.