Замандаш (партия)

Википедия дан
"Замандаш-Современник" саясий партиясы‎»‎ барагынан багытталды)
Замандаш-Современник саясий партиясы

Партиянын стратегиялык максаты - мамлекеттик башкаруунун Президенттик –Парламенттик формадагы эффективдүү экономикалык жана социалдык системалуу адилет коомдун негизинде заманбап типтеги мамлекеттик демократиялык мамлекетти куруу.

Партия тууралуу кыскача маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Замандаш» саясый партиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Саясый партиялар тууралуу» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка дагы нормативдик укуктук актыларына ылайык түзүлгөн жарандардын эркин биримдиги болуп саналат.

  • Партия 2007-жылы Россия менен Казакстандагы кыргыз диаспораларынын «Замандаш» Ассоциациясынын негизинде түзүлгөн.
  • "Замандаш" саясый партиясы 2007-жылдын 19-январында мамлекеттик каттоодон өткөн.
  • 2011-жылдын 14-апрелине карата партия өз түзүмүндө 59дан ашык облустук, шаардык жана аймактык комитеттерге ээ болуп турган.
  • 2010-жылдагы парламенттик шайлоолордон кийин партия партиялык түзүмдү реформалоого багыт алган.
  • Партиянын түзүмүн реформалоо иштерин аткаруу максатында партиянын V жана VI Съезддеринин чечими менен партиянын аталышын «Замандаш-Современник» деп кайра атоо чечими кабыл алынган да, партиянын Уставына өзгөртүүлөр киргизилген.
  • Партия КРнын «КРдагы саясый партиялар жөнүндө» Мыйзамына ылайык 2011-жылдын 16-июнунда Юстиция Министрлигинде кайрадан каттоодон өткөн.
  • Саясий партиянын түзүмү менен партиянын штаты өзгөртүлгөн. Саны 5 адамга чейин жеткен партиянын теңтөрагаларынын институту киргизилген.
  • Республика боюнча бардыгы 24 аймактык бөлүм, 2000 ден ашуун партиянын баштапкы уюмдары түзүлдү.

Партиянын негизги принциптери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • коомдун консолидацияланышы, улуттар аралык биримдик;
  • коомдогу прогрессивдик тенденцияны колдоо;
  • өз ресурстарын мобилизациялоо;
  • интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөр менен маданий баалуулуктарды бириктирүү;
  • алдыга койгон максаттарга удаалаш жакындоо.

Теңтөрагалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Өмүракунов Эмилбек Сүйүналиевич
  2. Садык Шер-Нияз