"Манас" эпосунун идеясы
Бул макаланын мазмунун «"Манас" эпосу» макаласына көчүрүү керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз.
Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. Сураныч, ошондой эле оңдоолор тарыхын да карап чыгыңыз. |
"Манас" эпосунун идеясы - эпостун мазмунунда, образдар системасында камтылган негизги ой катары чоң мааниге ээ. Ч. Айтматовдун сөзү менен айтканда “Ириде айтылуучу сөз мындай: эпостун негизги идеясы, анын бүткүл “кан тамырын” аралап өткөн идея адамзаттын жаралышынан бери адамды аздырып-тоздуруп, кубантып сүйүнтүп, издентип, улам алдыңкы максаттарга умтултуп, адам чаалыгып, чарчап баратканда ага канат байлап, күч берип, дем берип келген өлбөс, карыбас идея. Эпостун бүткүл көркөмдүк түзүлүшү, пафосу эң негизги бир идеяны баштан аяк улап, өөрчүтүп өнүктүрүп отурат, ал эркиндик идеясы, көз каранды эместиктин идеясы. "Манас" эпосунун өлбөс-өчпөстүгү, түбөлүктүүлүгү, дүйнөлүк баа жеткис маданий эстеликтердин катарынан орун алары да дал ушул идеялык-эстетикалык касиетине байланыштуу” (“Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу”. К-пте: Сагымбай Орозбаков, 1. 9). Эл эркиндикке, күнкор эместикке күрөш аркылуу гана жетише алган. Ал эми күрөш элдин баатырларга, эр-азаматтарга муктаждыгын пайда кылган. Ушундан улам эпостун И-лык чордонун көп кылымдык тарыхында сандаган түркүн окуяларды башынан кечирген элдин эркиндик, күнкорсуздук үчүн баатырдык, каармандык күрөштөрү түзүп эпостун эң алгачкы калыптануу учурунан башталып, улам барган сайын тышкы душмандар менен катар ички душмандарга каршы күрөштөрдө кеңири сүрөттөлөт. Эпостун Манас, Семетей, Сейтек, Каныкей, Бакай, Чубак, Сыргак, Айчүрөк, Күлчоро жана башкалар каармандары — өз элин, жерин сүйгөн патриоттор. Алардын эрдик, баатырдык иштери, майтарылбас эрки, кайраттуулук, күжүрмөндүк, өткүрлүк, көсөмдүк сапаттары, элдин кызкчылыгы үчүн жан аябай күрөшү эпостун негизги И-сын улам тереңдетип турат. Эпосто элдин үмүт-тилегин, мүдөөсүн, максатын алып жүргөн башкы каарман — Манас. “Үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап”, бытырап тарап кеткен элдин башын бириктирип, өз Ата Мекенине ээ кылуу, элди тышкы жана ички душмандардан коргоо, баскынчыларга каршы күрөшкө баш коштуруу Манастын зор ишенимдүүлүгүнө байланышкан. Ат жалын тартып мингенден баштап эле “өчкөн отту тамызган, өлгөн жанды тиргизген” иштерди жасап, элдин алкоосуна арзыйт, анын тирегине айланат. Манастын патриоттук сезиминин эрте ойгонушуна Алтайда турган кыргыздар менен калмак, кытайлардын ортосундагы карама-каршылыктар, кытай, калмактардын зордук-зомбулуктары, ошондой эле ата-теги, эли-жери жөнүндөгү уккандары себепчи болот. Ата Журтун табуу, элин эзүүдөн куткарууну алдына максат кылып коёт. Манастын кыргыз урууларын бириктирип, Алтайдан Ала-Тоого көчүү, ата-бабадан калган жерди баскынчы душмандан кайрып алуу үчүн түшкөн багыты, иш-аракеттер эл тарабынан колдоого ээ болот.
Аттангандан тартынба,
Айтууга калсын артыңа.
Көптүгүнө ишенген
Көңкү кытай капырды
Көрүп турсун көз менен,
Аягың чыгар кишенден!
Арбынмын деп ишенген,
Арбак урган капырга,
Санын бириң өлтүрүп
Зарыкпай аяк чечиңер
Саныңды чыгар кишенден! (Сагымбай Орозбаков, 2, 151),— деп алдыда болуучу айыгышкан күрөштүн кыйындыгын ачык-айкын түшүндүрөт. Манастын аркасы менен эл ата мурас жерине ээ болуп, колу-буту “кишенден” бошойт. Бирок, эңсеген эркиндик ушуну менен эле камсыз болуп калган жок. Бул үчүн дагы ички ыйкы-тыйкы, чыр-чатактарды тышкы душмандын басып кирүү коркунучун жоюу зарылдыгы келип чыккан. Манастын жети кандын чатагын жөнгө салуу менен башкы күчтү, негизги көңүлдү Бээжинге карата буруп, Чоң казатка аттанышынын негизги себеби да ушуну менен түшүндүрүлөт. Анын элге, жерге деген сүйүүсү ушунчалык назик жана чексиз. Чоң казат жолунда эл тагдыры жөнүндө бушайман болот, эли-жерин бир саамга эсинен чыгарбайт:
Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас
Жерди айтып бир кейип,
Жыргалдуу кыргыз көп ногой
Элди санап бир кейип,
Кокустан өлүп кетсем Бээжинде
Бирөөнүн тилин бири албай,
Баш-аламан кокуй эл
Бирөөн бирөө көрө албай,
Ала болуп кетет бейм,
Аңдып жүргөн көп душман
Алакандай элимдин
Түбүнө түгөл жетет бейм (Саякбай Каралаев, 2. 98).
Манастын жолун уулу Семетей улап, талоонго калган элин эбине келтирип, Коңурбайдан атасынын өчүн алат. Семетей ишке ашыра албай калгандарды Сейтек жөнгө салат. Эпостун улам кийинки бөлүктөрүндө (“Семетей”, “Сейтек”) кан күйгөн кармаштар, кырчылдашкан согуштар “Манастагыдай” көп болбосо да, чыгарманын негизги лейтмотиви — эркиндикти, күнкор эместикти коргоп калуу эч солгундабайт. Дегинкисинде, Манас да, Семетей да, Сейтек да элдин эңсеген тилегинен жаралган идеал каармандар. Алар элдин эркиндик үчүн күрөштөрүндө дайыма чоң тирек, өбөк, таянар тоо болуп, муундарды, элдин эркиндигин коргоочу болочокку жоокерлерди тарбиялоодо зор мааниге -өэ болуп келген. Эпостун эркиндик, көз каранды эместик И-сы жуурулушуп турган баатырдык патриоттук элди, жерди, Мекенди сүйүү И-лары чыгарманын башынан аягына кызыл сызык болуп өтүп турат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|