Абазиндер

Википедия дан

Абазиндер - (өздөрүн абаза деп аташат) Кавказдын жергиликтүү калкы. Россиянын Карачай-Черкес Республикасында жана Адыгеяда, ошондой эле Түркия, Сирия, Иордания, Ливан мамлекеттеринде жашашат. Жалпы саны 50 миңге жакын. Абазин тилинде сүйлөшөт. 14-17-кылымда Кара деңиздин түндүк жээгиндеги Туапсе жана Бзыбь дарыясынын аралыгында, кийинчерээк түндүк Кавказда адыгэлер менен коңшу жашагандыгы белгилүү. Абазиндерге адыгэлердин жана абхаздардын таасири абдан зор болуп, алардын чарбачылыгы, турмушу, маданияты жагынан биртоп окшоштуктар бар. Дини мусулман-сунниттер. Мал чарбачылык, дыйканчылык менен кесип кылышат. Тамак-ашы негизинен сүт, эт азыктары. Улуттук тамагы татымалдар кошулган тоок эти жана таруу бозо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1