Абдулла ибни Амр ибни ал-Ас

Википедия дан

Абдулла ибни Амр ибни ал-Ас رضي الله عنه.png (65/684-ж. өлг.) – Мухаммед пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png белгилүү сахабаларынын бири, мусулман укуктаануучу. Меккеде төрөлгөн. Амр ибни ал-Астын уулу болгон.

Өзүнүн такыбалыгы менен айырмаланган. Көп убакытын намаздарга жана орозолорго бөлгөн.

Өмүр баян[оңдоо | булагын оңдоо]

Исламды кабыл алгандан кийин, мусулмандар менен алардын душмандарынын ортосунда болгон көп согуштарга катышкан.

Төртүнчү халиф Алинин رضي الله عنه.png башкаруу мезгилинде ал, өзүнүн атасы менен кошо, Сиффиндеги салгылашта анын каршылашынын лагеринде болгон. Бирок салгылашка тикеден-тике катышкан эмес, анткени, бул анын бардык бул окуяларга болгон бейтараптыгы болчу. Ал эч качан мусулмандарга каршы курал көтөрбөгөн.

Абдулла ибни Амр ибни ал-Ас رضي الله عنه.png Мисир шаары болгон Фустатта 72 жаш курагында көз жумган.

Илимде[оңдоо | булагын оңдоо]

Абдулла رضي الله عنه.png өз мезгилинин эң сабаттуу адамдарынын бири болгон. Ал хадистерди жакшы билген жана айтып берген, «ас-Сахифа ас-Садика» деген китепке жазып калтырган, үйрөтүүчүлүк ишкердиги менен алектенген. Арабчаны мыкты билгендиги менен катар эле, ал эскиеврейче жана сирий тилин билген.

Колдонулган булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Калып:Сахабалар