Абдулла ибни Умар

Википедия дан

Абдулла ибни Умар رضي الله عنه.png (74/693-ж. өлг.) – Мухаммед пайнамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png эң атактуу сахабаларынын бири, халиф Умар ибни Хаттабдын رضي الله عنه.png уулу.

Өмүр баян[оңдоо | булагын оңдоо]

Меккеде болжол менен Мухаммеддин La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png пайгамбарлыгынын башталышынан үч жыл өткөн соң, же буга чейинки жылда төрөлгөн. Абдулла Исламды эрте жашынан кабыл алган, жана Мадинага көч (хижра) кылган. Жашы жетпегендиктен, ал Бадр менен Ухуддагы салгылаштарга катышпаган. Бирок, 18 жашка келери менен Хандак салгылашына жана кезектеги Мутадагы, Табуктагы салгылаштарга катышкан, Меккенин алынышына катышкан.

Мухамммед пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png өлүмүнөн кийин, Абдулла رضي الله عنه.png саясий жүрүмдөрдө жигердүү катышкан эмес, жана эч кандай маанилүү мамлекеттик кызматтарда болбогон. Бирок ал мусулман аскеринин курамында Түндүк Африкада (х. 27-ж.), Табаристанда жана Хорасанда (х. 30-ж.) согушкан.

Халиф Усмандын رضي الله عنه.png кайгылуу өлүмүнөн кийин, Абдулла ибни Умар رضي الله عنه.png өзүнө сунушталган бийликтен баш тартты, жана халиф катары Али ибни Абуталибди رضي الله عنه.png тааныды. Халифаттагы атуулдук согуш учурунда, ал бейтараптыкты сактады жана тараптардын эч бирине кошулбады. Бирок анын жактырымы Али رضي الله عنه.png тарапта болчу. Муавия ибни Абусуфияндын бийликке келишинен кийин, Абдулла رضي الله عنه.png кайта дагы согушка барган жана Константинополду курчоого катышкан.

Ал дагы бийликтердин залимдигине моюн сунуудан баш тарткан жана Умеййилердин Ирактагы өзүнүн ташбоордугу менен өзгөчөлөнгөн наместниги Хажажга каршы чыгуудан коркподу. Ошол эле мезгилде, Абдулла ибни Умар رضي الله عنه.png ошондой эле Абдулла ибни Зубайрды رضي الله عنه.png аябай сыйлаган жана анын кайгылуу өлүмүнө чын дилден кайгырган.

Хижранын 74-жылы, хаж (ажылык) убагында, кайсы-бир адам аны жарадар кылган, ошондон Абдулла ибни Умар رضي الله عنه.png каза болгон. Балким, кутумчу Хажаж тарабынан жиберилгендир.

Илимде[оңдоо | булагын оңдоо]

Абдулла ибни Умар رضي الله عنه.png сабаттуу жана билимдүү адам болгон. Куранды жана анын түшүндүрмөсүн, хадистерди, мусулман укугун мыкты билген. Кийинки көптөгөн укуктаануучу муундар фатваларды (укуктук буйруктарды) чыгарууда ага таянышкан.

Колдонулган булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Калып:Сахабалар