Фатва
Фатва – кайсы бир жаңы пайда болгон суроого, милдеттүү түрдө аткарылуусу шарт болбогон абалда, жалпылай көрсөтмө берилип, шарияттык далилдердин негизинде айтылган диний маселедеги Аллах Тааланын өкүмүнөн кабар берүү.
Ал, Аллах Тааланын буйруктарын аткарууга жана тыюу салган нерселеринен оолак болууга милдеттүү адамды билдирет. Исламдык жоопкерчиликтин атайын шарттары бар:
1.Мусулман адам болуш керек. Бүткүл ааламды жоктон жараткан Улуу Аллах Таалага ыйман келтирүү менен катар, Анын периштелерине, түшүргөн китептерине, жиберген пайгамбарларына жана кыямат күнүнө, тагдырга, акыретте кайра тирилүү чындык экенине ак дилден ишенип, сөз менен айтуу мусулман болуунун пайдубалы. Буларсыз мусулмандык жоопкерчиликти элестетүү мүмкүн эмес.
2. Толук акыл-эстүү адам болуу керек. Бул иштээр ишин билген, жакшы менен жаманды айрып биле алган адамды көрсөтөт. Андыктан акыл-эси кем же жинди болгон адамдар ибадат кылууга милдеттүү эмес. Мындай адамдар бул дүйнөдө кылган жаман иштери үчүн акыретте жооп беришпейт. Улуу Аллах Таала Өз динин тоо-таш, жан-жаныбарлар сыяктуу макулуктарына эмес, кайра кадыр-барктуу кылып жараткан акыл-ойлуу адамзатка түшүргөн. Бирок адамдар арасындагы айрым акыл-эси ордунда болбогон, же кем акыл жаралгандарга жоопкерчилик жүктөлбөйт. Акыл-эси толук жетиле электигине байланыштуу, балагатка жетпеген кичине балдар да ислам жоопкерчилигин өзүнө албайт.
3. Адам балагат жашына толгон болуш керек. Ислам аалымдарынын басымдуу көпчүлүгүнүн далилдүү көз караштары боюнча кыз балдар үчүн балагат жашы 9-15 жаш, эркек балдар үчүн 12-15 жаш болуп эсептелет. Бирок айрым аз сандагы кыз же эркек балдар 15 жашка келсе да, балагатка толгон белгилери болбошу мүмкүн. Мындай абалда 15 жашка толгон соң, балагат жашына жеткен катары каралып, жооптуу адам болуп милдет аркалайт.
Улуу Аллах Таала пайгамбарына (САВ) ыйык китеп түшүрүп, аны акыл-эстүү, аң-сезимдүү адамзатка жиберди. Андыктан, бул сыноолуу дүйнөдөгү түрдүү милдеттерди аткарууда адамдын өз Эгесин акыл-эс негизинде таанып, ага баш ийүүсү, өз жоопкерчилигин толук мойнуна алышы түбөлүк бактылуулуктун башаты болуп калмак. Ал эми балагат жашына толбостон, эрте көз жумган балдар менен акылы кем жандар эч кандай жоопкерчилик сурагына кабылбастан, Аллах Тааланын мээримине бөлөнүп, түбөлүк бакыт багы болгон бейишке барат. Бирок айрым ислам аалымдарынын бул дүйнөдө акыл-эси кем калган адамдарды акыретте Аллах Таала сыноодон өткөрөт деген көз караштары да бар. Эң туурасын бир гана Алла Таала Өзү билет.
Жооптуунун милдеттеринин болушу Жооптуунун милдеттери ислам укуктук илими негизинде сегиз түрдүү:
болуп саналат. Ушул сегиз түрдүү милдеттин алгачкы бешөөнү аткаруу, кийинки үчөөнөн оолак болуу, же аларды жасабоо жооптууга милдеттендирилген. Бир гана бешинчи түрү болгон мубах иштер негизинен жооптуунун эркинде.
Интернеттеги шилтеме
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- [1] Archived 2012-04-21 at the Wayback Machine