Мустахаб
Көрүнүш
Мустахаб – жагымдуу, жакшы иш-аракеттерге карата айтылат. Башкача айтканда, пайгамбарыбыз (САВ) кээде жасап, кээде аткарбаган, мурунку муун асыл жандар (салафтар) жактырып, аткарган иштер мустахаб деп аталат. Ибадаттардын аткарылышында парз, важиб жана сүннөттөрдүн сырткары калып, мустахаб түрүнө кирүүчү иштер бар. Шашке намазы сыяктуу айрым нафил намаздар жана орозолор, таң намазын айланага жарык түшкөндө окуу, жай саратанда бешим намазын салкындата кечиктирип окуу, шам намазын күн батары менен окуу сыяктуулар мустахаб иштерге мисал болот. Мустахабды аткарганга сооп, аткарылбаса күнөө эмес. Ибни Абидин мандуб, мустахаб нафил терминдери бирдей маани берет.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мустахаб Archived 2012-04-21 at the Wayback Machine