Абдулла ибни Умм Мактум

Википедия дан

Абдулла ибн Умм Мактум رضي الله عنه.png (4/635-ж. курман болгон) – Мухаммед пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png сахабаларынын бири, пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png жубайы Хадижанын (р.а-а) эки-ата тууганы, Исламдын экинчи муэдзини (азанчысы).

Өмүр баян[оңдоо | булагын оңдоо]

Абдулла тубаса сокур болгон. Ал Меккеде төрөлгөн, уругу жагынан Курайш уруусунан болгон. Жана алгачкылардан болуп Исламды кабыл алган. Динди карманганы үчүн куугунтуктарда болгон жана Мадинага көч (хижра) жасаган. Мусаб ибни Умайр رضي الله عنه.png менен чогуу мадиналыктардын арасындагы дааватка катышкан.

Абдулла ошондой эле Курандын мыкты билгичтеринен болгон. Азиздигине карабасатан, ал мусулмандардын душмандар менен болгон негизги согуштарына катышкан, жоокерлерге колдон келишинче жардам берген жана тууну көтөрүүчү болгон. Халиф Умардын رضي الله عنه.png башкаруу тушунда Кадиссиядагы салгылашта курман болгон, анда мусулман армиясы перстерди талкалаган эле. Өзүнүн акыркы урушунда да Абдулла رضي الله عنه.png мусулман армиясынын туу-көтөргүчү болгон.


Абдулла ибни Умм Мактумдун رضي الله عنه.png ысмы Мухаммед пайгамбарга La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png курандык бир сүрөнүн (Абаса) түшүшү менен байланыштуу, анткени ошондо, качан пайгамбар La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png меккелик билермандарга Исламдын ынанымдарын түшүндүрүүгө аракет кылып жатып, так ошол учурда ага Абдулла رضي الله عنه.png Курандан аят окуп берүүсүн суранып келгенде, нааразылык кылган учур болгон эле.

Колдонулган булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Калып:Сахабалар