Абстракция принциби

Википедия дан

Абстракция принциби – абстракция аркылуу аныктоонун негизин түзгөн логикалык принцип. Бул принциптин талаптарына ылайык объектилердин чогундусунда аныкталган тең барабардык тибиндеги катнаштарга таянып, мындай объектилердин чогундусун жуп-жубу менен алганда бири-бири менен кесилишпей турган класстарга ажыратууга болот. Аны абстракттык класстар деп аташат. Мисалы: абстрактуу класстарга жер шарындагы адамдарды киргизишет. Абстрактуу класстар өзгөчө касиеттер, белгилер менен мүнөздөлөт же тескерисинче, окшош белгилерге ээ болгон абстрактуу класстар тең барабардык катнаштыкта турат. Абстракция принциби белгилүү касиеттер бар “абстракттык объект” тууралуу жобону жактагандыкта, аны көптүктүн классикалык теориясынын абстракция жөнүндөгү теоремаларынын бири катары изилдешет.

Бул жактан да карап көрүңүздөр:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]