Авлетим суусу
Көрүнүш
Авлетим суусу
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 35 км |
бассейндин аянты | 863 км² |
Суу агымы | |
Аягы | [[Нарын дарыясы]] |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Авлетим суусу– Аксы районундагы суу, Кара-Суунун (Нарындын алабы) оң куймасы.
Узундугу 35 км, алабынын аянты 863 км2. Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталынан башталат. Майда кирип, ноябрда тартылат. Жогорку жана орто бөлүгү кууш өрөөн аркылуу агат. Жылдык орточо чыгымы 10,6 м3/сек; эң көбү 20 м3/сек, эң азы 5,6 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Авлетим кыштагы орун алган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2