Австралия мериносу

Википедия дан

Австралия мериносу - уяң жүндүү кой породасы. 18-кылымда Англия, Испания жана Германиядан алып келинген меринос койдон Австралияда чыгарылган. Кийинчерээк алар франция рамбульеси жана америка вермонттору менен аргындаштырылып, дене түзүлүшү, жүнүнүн сапаты боюнча бири биринен айырмаланган бир нече типтеги уяң жүндүү койлор чыгарылган. Файн тибиндеги кой саксон мериносунан жакшыртылып алынган. Анча чоң эмес, жумшак жүндүү. Кочкорунун салмагы 70 кг, соолугу 35-40 кг, жүнүнүн ичкелиги 70-сапатта. Мелүүн климаттуу жерлерде багылат. Кочкорунан 9-10 кг (кээде 20 кгга чейин), соолугунан 4-5 кг (айрымдарынан 10 кг) жүн кыркылат. Уяң жүндүү кыргыз коюнун асылтукумун жакшыртуу максатында кочкорлору Кыргызстанга алынып келинген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1