Автоклав

Википедия дан

Автоклав (авто... жана лат. сlаvіs — ачкыч) — жогорку басымда жана ысытуу менен түрдүү процесстерди жүргүзүүгө ылайыкталган аппарат. Автоклав

  • айлануучу,
  • термелүүчү,
  • горизонттук,
  • вертикалдуу жана
  • колонналуу болуп бөлүнөт да, туюк же ачылма капкактуу идиш түрүндө болот.
  • Зарылдыгына жараша
  • механикалык,
  • электромагниттик,
  • пневматикалык аралаштыргыч жана
  • басымды, температураны, суюктуктун деңгээлин өлчөп жөнгө салуучу текшерүү өлчөө приборлору менен жабдылат.

Автоклавдын сыйымд. 10-М08 см3 ге чейин жетип, 150 Мн/м2 ге чейинки басымда жана 500°С температурада иштөөгө ылайыкталган. Автоклав химия, резина, консерва өнөр жайында, гидрометаллургияда, медицинада, курулуш материалдар өндүрүшүндө колдонулат.

Медициналык автоклав[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Медициналык автоклав (3 атмооф. чейин): 1 — капкагы; 2— резина прокладка; з — буу келүүчү тешик; 4 — буу камерасы; 6 — металлдан жасалган каптооч; 6 — стерилизациялоочу камера; 7 — асбест катмары; 8 ж-а 14 — суу чыгаруучу чорго; 9 — тирөөч; 10 ж-а 12 — суу толтуруучу чорго; 11 — суу көрсөткүч айнек; 13 — манометр; 15 — сактагыч клапан.

Автоклав (медицинада) — жогорку басымдагы ысык буу аркылуу микроорганизмден тазартуучу аппарат. Автоклав хирургиялык аспаптарды, операцияга кийилүүчү халаттарды, жараттарды таңуучу материалдарды, ошондой эле микробдор өстүрүлө турган азыктарды микробдордон тазартууда, микробдорду өлтүрүүдө кеңири колдонулат.
Автоклавдын негизги бөлүгү керектүү басым жана температурадагы бууну алуучу жылчыксыз жабылган суу-буу камерасынан, анын ичине орнотулган тазалануучу буюмдарды салуучу зыянсыздандыруучу камерадан турат (к. сүрөт). Сырткы камерадагы суунун буусу бул камералардын ортосу менен көтөрүлүп, ички камеранын жогорку кырындагы тешиктер аркылуу тазалануучу материалдарга өтөт.
Автоклавдын бир жерге орнотулган жана көчмө түрлөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.