Авторлошкон котормо

Википедия дан

Авторлошкон котормо — котормочу автор менен бирдикте чыгарманы бир тилден экинчи тилге которушат. Мисалы, «Абай» романын Л. Собелев автор менен бирдикте орусчага которгон. Азыркы кыргыз адабиятында авторлошкон котормо арбып эле кездешет. Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» «Жамийла» повесттери орус тилине А. Дмитриева менен бирдикте которулган. Кээде чыгармасын башка тилге өзү которгондор да болот. Мисалы, Ч. Айтматов «Саманчы жолу» повестин орус тилине өзү которгон.

Автордук укук — граждандык укуктун бир бөлүгү, адабият, искусство, илим чыгармаларын түзүүгө жана пайдаланууга байланышкан укуктарды жана милдеттерди аныктоочу юридикалык нормалар.

Автордук баяндоо — сюжеттүү чыгapмaлapдa айрыкча прозада кецири пайдаланылат. Автордук баяндоо чыгармадагы каармандардын речинен башка болуп, анда чыгармадагы окуянын орду, мезгили жана шарты, каармандардын мүнөзүн терец ачуу жана зарыл болгон учурлар жөнүндө сөз болот. Мында адабий тилдин нормасы сакталат. Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан мисал келтирели:

Аза кечүү Эне-Бейиттин жолун кадыресе арбытып койду. Күн чоң шашке болуп, ошол жеткен ордуна туруп алгансыйт. Бирде саатын, бирде күндү, бирде алдыда керилип ою жаткан жайыкты карап коюп, Бороондуу Эдигей жол жүрүш ойдогудай эле баратканын өзүнчө белгилейт. Жанагыдай эле буурасы маң-маң желип, өзү алдыда, анын соңунан прицеп тарткан трактор келет, анын соңунан дөңгөлөктуу экскаватор «Беларусь» коңузча күжүңдөп калбай келет. Жолборс болсо тилин салаңдатып желе-жорто капталда.

Булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]