Адам жашоосунун маңызы
Адам жошоосундагы максаты – моралдык чен-өлчөмдөргө, баалуулуктарга тиешелүү касиеттерди жактаган жана талдаган, ал иш-аракеттер эмне үчүн зарыл экендигин көрсөткөн, дүйнөгө болгон көз караштар системасындагы багыт берүүчү түшүнүк.
Адам жана маңызы – адамдын ишмердигинин негизин түзөт. Адам жашоосунун философиялык маңызы, гносеологиялык (таанып-билүүчүлүк) принциптери тарыхый өнүгүш процессинде ар түрдүү көз караштарды жараткан. Алардын айрымдары жашоонун максатын адамдын жеке жыргалчылыгына (гедонизм), өздүк-өзүмчүлдүк «Менине» (экзистенциализм), дене кумарына (фрейдизм), жана башка байланышта карашса, айрым окуулар Адам жашоосунун маңызы адамдын коомдо алган ордунан же ага кылган кызматынан, эмгектенүүсүнөн (марксизм) көрүшөт.
Жеке инсандын Адам жашоосунун маңызы тууралуу түшүнүгүнөн анын оң же терс сапаттары, моралдык-нравалык принциптери, иш аракети (ак ниеттүүлүк, өзүмчүлдүк, дүнүйө-кордук, жана башка) ачык көрүнөт. Адам жашоосунун маңызы коом менен жеке инсандын мамилесине, мамлекеттик саясатка да таасирин тийгизет. Ошондуктан мамлекет адамдын моралдык, этикалык, физиологиялык, маданий – эстетикалык жаңы материалдык керектөөлөрүн камсыз кылуу саясатын жүргүзөт.
Зоронун максаты эн кучту кылычтату болгусу келет,ал ушул максатменен жашайт,анын жакыш досу Луффинин да максаты бар ал пиратын ханы болгусу келет,алар ушул максатменен менее жашашат
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедия окуу куралы. - Б.: 2004, ISBN 9967-14020-8.