Айыктыруучу дене тарбия
АЙЫКТЫРУУ ДЕНЕ ТАРБИЯСЫ — ар кандай оорулардын алдын алуу жана дарылоо максатында дене тарбия көнүгүүлөрүн пайдалануу методу; медициналык кайра калыбына келтируунун негизги ыкмасы. Аны туура пайдалануу тез айыгууга, эмгекке жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүүгө түрткү берет. Адамдын күнүмдүк турмушунда булчуңдардын дайыма талбай иштеп турушу анын өмүр сүрүшүнүн мыйзам ченемдуулугу. Кыймыл-аракетти, ден - соолукту чыңдоо жана оорудан дарылоо максатында колдонуу адамзаттын тарыхында кеңири орун алган.
- Байыркы Греция дарыгерлери Гиппократ, Асклепиад, Байыркы Рим дарыгери Гален ж. б. дене тарбия көнүгүүлөрүн дарылоодогу негизги компонент деп эсептешкен. Бул максатта дем алуу көнүгүүлөрү, массаж ж. б. дене тарбиялык көнүгүүлөр колдонулуп келген. Өзгөчө дем алуу органдарынын, кан айлануу процессинин бузулушунда, омуртка тутумунун кыйшаюусунда, кол, бут сынганда же чыгып кеткенде пайдаланылган. Белгилүү врач жана илимпоз Авиценна кыймыл-аракетти оорудан айыктыруу жана аларды алдын алуу максатында колдонууну жайылтууга аракеттенген. Анын көп томдуу «Дарылоо илиминин канону» аттуу эмгегинде күнгө күйүү, абада болуу, убагында тамактануу, гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоо, жөө басуу, эс алуу, ат минүү ж. б. кеңештер берилген. Көрүнүктүү орус окумуштуулары М. Я. Мудров, Н. И. Пирогов, С. Г. Зыбелин, С. П. Боткин, П. Ф. Лесгафт ж. б. гимнастика, кыймыл, массаж, организмди чыңдоо жана эмгек менен дарылоонун чоң маанисин белгилешкен.
Айыктыруу дене тарбиясы Улуу Октябрь революциясынан кийин гана илимий негизде калыптана баштады. СССРде айыктыруу дене тарбиясынын өнүгүшү советтик саламаттыкты сактоо жана массалык физкультура кыймылынын жетишкендиктери менен тыгыз байланыштуу. Айыктыруу дене тарбиясы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кеңири колдонулуп, миңдеген жоокерлердин ден соолугун чыңдоого көмөкчү болду. Азыркы мезгилде айыктыруу дене тарбиясы ооруканаларда, санаторийлерде, профилакторийлерде, поликлиникаларда комплекстүү дарылоонун бир ыкмасы катары пайдаланылат. Дарылоо максатында көнүгүүлөрдү дозалап аткаруу (машыгуу) айыктыруу дене тарбиясынын мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп саналат. Анын негизги каражаты — дене тарбия көнүгүүлөрү. Ал бүтүндөй организмди чыңдоочу жалпы [жөнөкөй гимнастикалык көнүгүүлөр, жөө жана лыжада жүрүү, теренкур, кыймылдуу оюндар (бадминтон, волейбол ж. б.), сууда сүзүү, туризм ж. б.] жана айрым органдардын, системалардын бузулган функциясын калыбына келтирүүгө багытталган атайын машыгууларга бөлүнөт. Гимнастикалык көнүгүүлөр анат. принципте — белгилүү булчуңдардын (кол, бут, курсак булчуңдары) топтору үчүн, активдүүлүгү боюнча пассивдүү жана активдүү болуп айырмаланат. Пассивдүү көнүгүүлөрдү оорулуу өз алдынча же методисттин, инструктордун жардамы менен аткарат. Активдүү көнүгүүлөрдү оорулуу өзү жасайт. Атайын машыгуулар үчүн көнүгүүлөрдүн бул же тигил тобу тандалып алынат, мисалы, курсак булчуңдарын чыңдоо үчүн тик туруп, отуруп жана жатып жасоочу көнүгүүлөр аткарылат. Мында атайын тандалып алынган жана методикалык жактан иштелип чыккан көнүгүүлөрдүн комплекси колдонулат. Врач көнүгүүлөрдү сунуш кылууда оорунун мүнөзүн, өзгөчөлүгүн, органдардын жана системалардын өзгөрүү даражасын, оорунун стадиясын, ошондой эле аны менен бир мезгилде жүргүзүлүүчү дарылоону эске алат. Дене тарбия көнүгүүлөрү нерв системасынын бузулган функцияларын калыбына келтирип, сергитүүчү таасир берет; дарылоонун башка каражаттарынын таасирин күчөтөт, оорудан айыгуу тездейт. Айыктыруу дене тарбиясы менен машыгуунун тарбиялык мааниси да бар: оорулуу системалуу түрдө дене көнүгүүлөрүн жасоого көнүп, бул анын күнүмдүк адатына айланып, турмуштук керектөөсүнө өтөт. Ал дарылоонун башка каражаттары сыяктуу эле дарыгердин көрсөтмөсү жана көзөмөлү менен жүргүзүлөт. Кээде оорулуу адамдардын дене тарбия менен өзүн өзү дарылоого аракеттенүүсү (мисалы, чуркоо) туура эмес. Дарылоо гимнастикасы атайын методика менен ар кандай ооруга карата жеке, 2—3 оорулууга жана оорулуулардын тобуна берилет. Оорулууга үй шартында өзүнчө машыгууларды берүүдө өзүн контролдоо боюнча атайын сунуштар берилет. Түзөтүүчү гимнастика дарылоо гимнастикасынын бир түрү болуп эсептелет, ал таяныч-кыймыл аппаратынын кээ бир ооруларында колдонулат. Организмдин өсүү мезгилинде, айрыкча жаш өспүрүмдөргө түзөтүүчү гимнастика келбетти, омуртканын кыйшайышын, бүкүрөйүүнү оңдоодо жакшы натыйжаларды берет. Оорулуунун жашын, кесибин жана кыймыл активдүүлүгүн, оорунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен акырындап көнүгүүлөрдү татаалдатуу, дайыма узак мезгилге машыгуу сүрөт айыктыруучу дене тарбиянын натыйжалуу болушуна шарт түзөт. Ага кошумча механотерапия, эмгек менен дарылбо, массаж, организмди чыңдоо жүргүзүлөт. Узак убакыт төшөккө жатып, алсызданып калган оорулууга айыктыруучу дене тарбияны колдонуу максатка ылайык. Айыктыруучу дене тарбияны травмаларда, жабыркаган кол-буттун функциясын калыбына келтирүүдө, жарааттардын айыгышын тездетүүдө, сөөк-булчуң аппаратынын жана муундардын ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Хирургиялык практикада айыктыруучу дене тарбия операциядан кийинки кабылдоолорду алдын алууга жана операциялык жарааттын айыгышын тездетүүгө жардам берет. Ички ооруларды дарылоодо олуттуу мааниге ээ, айрыкча жүрөк-кан тамыр системасынын (жүрөктүн ишемия оорусу, миокарддын инфаркты), дем алуу органдарынын ооруларында (катуу кармаган жана өнөкөт пневмония, өпкө эмфиземасы, бронх астмасы ж. б.) колдонулат. Ошондой эле зат алмашуу бузулуудан болгон ооруларда (семирүү, подагра, кант диабети ж. б.) да пайдаланылат. Шал, невроз, жугуштуу оорулардын натыйжасында борбордук жана четки нерв системасынын жабыркоолорун калыбына келтирүүдө мааниси чоң. Айыктыруучу дене тарбия — аялдардын кош бойлуу мезгилинде, төрөгөндөн кийин жана өнөкөт гинекологиялык ооруларды дарылоодо негизги элемент. Ичеги-карын ооруларын дарылоодо айыктыруучу дене тарбияны колдонуу боюнча көп тажрыйбалар топтолду. Азыркы илимий-технологиялык прогресстин убагында, күч эмгеги автомат машиналар менен алмашып, кыймыл активдүүлүгү азайып, нерв системасына күч келип жаткан мезгилде айыктыруучу дене тарбия өзгөчө мааниге ээ. Кыймылдын аздыгы эртең мененки гимнастика, физкультура, спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгууну талап кылат. Оорулуунун күн тартибине түрдүү кыймылдарды (сейилдөө, атайын гимнастика ж. б.) киргизүү кыймылдын жетишсиздигинен болуучу оор кесепеттерден сактайт жана организмдин жалпы абалын жакшыртат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8