Акбото бий

Википедия дан

Акбото Рахимбий уулу (болжолу 17-к-дын аягы – 18-к-дын 30-ж-нын ортосунда жашаган) – саясий ишмер; Кокон хандыгынын Кожент (Хожент) вилайетынын бийлеген.

Рахимбий уулу Акбото
راحئمبئي ۇۇلۇ اقبوتو
Кыргыз бирикмеси
Кожент вилайети
 
Уруусу: саруу уруу
Кырк уругу
Атасы: Рахим бий
Кесиби: бий, манап

Кыргыздын саруу уруусунун кырк уругунан. Тарыхый маалыматтар б-ча ал Бухара ханы Убайдулланын (1702–11-ж. башкарган) ишеничине ээ болуп, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгышындагы Хоженттин аймагын калмак баскынчыларынан коргоочу кошуундун башчылыгына дайындалган. Бул аймакта Ак бото саясий аброю өскөндүктөн, Кокон хандыгынын негиздөөчүсү Шахрух бийдин кызына үйлөнүп, өзүнүн кызын анын уулу Абд ар-Рахим бийге турмушка берип, Коконду башкарган Миң династиясы м-н кайчы куда болгон. Хожентти башкарууну Абд ар-Рахим бийге тапшырган. Бул аягында күйөө бала м-н кайын атанын ортосундагы ачык тирешүүгө алып келген. Эрегиште Рахим бий кайын атасын өлтүрүп, Хожентке өзүнүн иниси Абд ал-Карим бийди дайындаган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]