Акункан

Википедия дан

Акункан — каарман, Оогандын каны, Айчүрөктүн атасы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас катаган, тейитти чаап кеткен, оогандын каны Түлкү менен урушуп, жеңип алганда, иниси А-дын адамгерчилигин жактырып калат. А. да Манастын баатырдыгына, айкөлдүгүнө чексиз ыраазы болуп, бел куда болууну сунуш кылат. Манас Бакай, Алмамбет менен кеңешип анын өтүнүчүн кабыл алат да, эгер балаң кыз болсо, бата аягыбыз, эркек болсо кийгизген кийитибиз деп үч миң жылкы тартуу кылат. Саякбай Каралаевдин варианты нда «Көкөтөйдүн ашында» балбан күрөш бүткөндөн кийин А. Манаска Кошойдун батасын алып балалуу боло турган болдуң, Айчүрөк деген кызым бар, келин кылып ал, — дегенде, Манас калың мал берип, бел куда болот (Саякбай Каралаев, 2. 54). Башка варианттарда да Манастын эрдигине, жалпы эле адамгерчилигине тен берген А. ага куда болууну биринчи сунуш кылат. Манас өлгөндөн кийин да А. убадасында турат. Айчүрөктү зордук менен тартып алмак болуп Чынкожо, Толтой шаарын камап келгенде кырк күн (Саякбай Каралаевдин варианты нда сексен күн) мөөнөт сурайт. Айчүрөк ак куу кебин кийип жердин жүзүн кыдырып жүрүп, Семетейди табат. Семетей келип душманын жеңгенде А. чоң той өткөрүп, ага Айчүрөктү берет. Эпосто А-дын убадага бекемдиги көрсөтүлүп, адамгерчилигине жогору баа берилген. Ал Чынкожо, Толтой сыяктуу күчтүү жоо камап, атайылап басмырлап, кыстоого алганда да качанкы өлгөн Манаска берген эбаккы убадасынан танбайт. Манастын өз атасы Жакып, аталаш инилери Абыке, Көбөштөр, жада калса жоону бирге жоолашкан кырк чоросу Манастын өлгөнүнө кырк күн боло электе чыккынчылык кылышып бүлөсүнө кордук көрсөтүшүп, мал-мүлкүн талап кеткенин эске алганда, А-дын жогоркудай эрдиги анын терең адамгерчилигинин белгиси катары бааланат. Кыргыздардын өзүлөрүнөн алыс, тектеш эмес элдер менен да терең карым-катнашы, эки элдин бири-бирине болгон бийик урматтоосу А. менен Манастын мамилеси аркылуу берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4