Акылбек Абдыкалыков

Википедия дан
Абдыкалыков Акылбек
Туулган датасы:

1948-жыл

Туулган жери:

Чүй облусундагы Сокулук районунун Шалта айылы

Жарандыгы:

Кыргызстан

Абдыкалыков Акылбек (1948-жылы туулган, Сокулук району, Шалта айылы) — артист жана режиссёр.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1972-жылы А. В. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр өнөрү институтун бүтүргөн. 1972 — 1979-жылдары Ош Кыргыз драма театрында актёр, 1979 — 1981-жылдары Кыргызстан радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде режиссёр болуп иштеген. 1981 — 1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик академиялык театрында актёр, 1983 — 1987-жылдары К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында актёр, 1987 — 1990-жылдары ошол эле театрда режиссёр жана актёр, 1990 — 1992-жылдары ал театрдын директору жана режиссёру, ал эми 1992-жылдан театрдын директору кызматы менен катар көркөм жетекчи да болуп иштейт. А. Абдыкалыков чыгармачылыгы, жарандык темпераменттүүлүгү, ролду ача билгендиги менен айырмаланат.

Аткарган көрүнүктүү ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шамшы (А. Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»), Адылбек Жайнаков (Т. Абдумомунов, «Эч кимге айтпа»), Сараң рыцарь

(А. С. Пушкин, «Сараң рыцарь»), Момун (Ч. Айтматов, «Ак кеме»), Профессор (М. Гапаров, «Кадыр түн»). Лука

(Максим Горький «Түпкүрдө»), Сэр Тоби (Уильям Шекспир, «Он экинчи түн»), Шаар башчысы (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Искендер (М. Гапаров, «Күнөстүү арал»), Матех (А. Несин, «Жүрү бери»), Пах-Пах-Дев (Г.Нахуцришвили, «Чинчрака»), Профессор (Ж. Садыков, «Өлүп тирилгендер»).

Кинофильмдерде аткарган ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алибек («Мен — Тянь-Шань), Осмон («Кайчылаш жолдор», О. Айтымбетов).

Kойгон спектаклдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Жан биргем Электра» (Л. Дюрка), «Мен сүйгөн обон» (Б. Калчабаева), «Темир корук» (М. Гапаров), «Элеттик анекдоттор» (А. Вампилов), «Сынган мазар» (3. Сооронбаева), «Түнкү шоола» (Л. Разумовская). Бүткүл союздук жаштар чыгармачылыгынын лауреаты.
Кыргыз Республикасынын эл артисти. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1978.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]