Александр Затаевич

Википедия дан
Затаевич Александр Викторович

Александр Викторович Затаевич (1869-1936) — орус композитору, этнограф жана музыка изилдөөчү.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Александр Викторович Затаевич, белгилүү музыка изилдөөчү, этнограф жана копозитор, Казак ССРинин Эл артисти. 1869-ж. Россиянын Орлов (Орёл) губерниясында туулган, жергиликтүү кадеттердин корпусунда билим алат. Андан соң Полоцк шаарына аскер кызматына жиберилип, бош убактысында музыка чыгармаларын жыйноо менен алектене баштайт. Ошол жерде, 1889-ж. атактуу композитор С.В.Рахманинов менен таанышып, композитор А.В.Затаевичтин пьесаларына кызыгып, музыкалык пьеса жазгандыгы маалым. 1904-1915 жж. Варшавада кызмат өтөп, музыка жаатындагы иш-аракеттерин токтоткон эмес. 1920-ж.тартып, Оренбург щаарында жашоо менен, казактардын музыкалык өнөрүн изилдеп, казак музыкалык чыгармаларын нотага салган, анын алтын фондун түзгөн. Ал казак элинин 2300 ашуун музыкалык чыгармаларын нотага салып топтогон, алардын жыйнактарын басмадан чыгарган изилдөөчү. А.В.Затаевич Кыргыз АССР Эл агартуу Комиссариатынын чакыруусу боюнча Кыргызстанга 1928-ж. келип, бир катар кыргыз акындарынын жана музыка чеберлеринин ыр-күүлөрүн жазып алып, анын жыйынтыгында «Кыргыздын аспаптык 250 күүсү жана обондору» аттуу китепти жазган. 1936-ж. 170 обон-күү жазып, айрымдарын фортепьяно үчүн иштеп чыккан. А.В.Затаевич кыргыз, казак, уйгур, татар, дунган ж.б. элдердин музыкасын жыйнап нотага түшүргөн. Казак жана кыргыз музыкасынын теориялык жана тарыхый маселелеринин чечилишине зор үлүш кошуп, андан соңку профессионалдык музыканын өнүгүшүнө зор салым кошкон. А.В.Затаевич 1936-ж. каза болот, сөөгү Москва шаарына коюлган.

Өмүрү жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Александр Викторович Затаевич 1869-жылы падышалык Орусияда туулган.
1925-ж. Оренбург шаарыында басылып чыккан «Кыргыз элинин 1000 ыры» жыйнагына кыргыздын сегиз ырын киргизген.
1928-ж. Кыргызстанга атайын чакыртылып келген. Муратаалы, Токтогул, Карамолдо жана башкалардын обон-күүлөрүн нотага түшүрүп, аларды 1934-ж. Москвада чыккан «Кыргыздын аспаптык 250 күүсү жана обону» деген жыйнакка киргизген.
Кыргызстанга дагы бир ирет келип, Атай, Калык, Молдобасан, Муса, Шаршен, Ыбырай жана башкалардан 170 ыр-күү жазып алган.
А. Малдыбаевдин «Кызыл жоолукчан», «Күн бүгун» жана башка ырларын фортепьяно үчүн иштеп чыккан.[1]
3атаевич казак, кыргыз, татар, дуңган, уйгур элдеринин музыкалык мурасын жоготпой сактап калууга, алардын профессионалдык музыкалык өнөрүн өнүктүрүүге чоң салым кошкон.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 250 киргизских инструментальных пьес и напевов. – 1934.
  • Песни разных народов. – 1971.
  • Киргизские инструментальные пьесы и напевы. – 1971.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]