Алиса кызыктар дүйнөсүндө

Википедия дан

"Алиса Керемет дүйнөсүндө" (англ. Alice in Wonderland, орус. Алиса в Стране чудес) — 2010-жылы тартылган Американын фантастикалык окуя тасмасы. Режиссеру Тим Бартон, сценарийин жазган Линда Вулвертон. Тасмада образ жараткандар Жонни Депп, Энн Хэтэуэй, Хелена Бонэм Картер, Криспин Гловер, Мэтт Лукас жана Миа Васиковска. Үн коштогондор Алан Рикман, Стивен Фрай, Майкл Шин жана Тимоти Спэлл. Люис Кэрролдун "Алисанын Керемет дүйнөдөгү окуялары" жана "Күзгүнүн ичи аркылуу" фантастикалык романдарына негизделген жана Walt Disney's компаниясынын 1951-жылы тарткан мультфильмдеринен эргүү алып экрандаштырылган тасма 19 жаштагы Алиса Киңслинин окуясы тууралуу баяндайт. Ал Акылдан азган Калпакчынын жардамы менен Ак Ханышага тактысын кайтарып бермекчи болот. Кызыл Ханыша тарабынан башкарылып турган жана Жер астындагы жашоочуларды коркутуп жүргөн ажыдаар сымал макулук Жаббержуткучту өлтүрө ала турган жападан-жалгыз киши Алиса болот.

"Алиса Керемет дүйнөсүндө" жарык көрөөрү менен ар түрдүү ой-пикирлер айтылган. Визуалдык стили жана атайын эффектери бааланган болсо, окуялардын баяндалышындагы кемчиликтери жана компьютердин жардамы менен жасалган сүрөттөрдүн ашыкча пайдаланылышы боюнча сынга кабылган. 83-Оскар аземинде "Алиса Керемет дүйнөсүндө" "Эң мыкты сүрөтчү-коюучу" жана "Эң мыкты костюм дизайны" номинациялары боюнча жеңишке жеткен. "Эң мыкты визуалдык эффекттер" номинациясына да көрсөтүлгөн. Тасма 1 миллиард доллардан ашык киреше алып келип, жалпы жонунан эң көп киреше алып келген тасмалардын ичинен 5-орунга жайгашкан.

Тасманын "Алиса Күзгүнүн ичи аркылуу" деп аталган уландысы 2016-жылдын 27-майында экрандаштырылган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]