Али (тасма)

Википедия дан

"Али" (англ. Ali) - 2001-жылы Майкл Менн тартып, жазып жана продюсерлик кылган америкалык биографиялык спорттук драма. Тасмада 1964-жылдан-1974-жылга чейин боксчу Мухаммед Алинин (Уилл Смит) он жылдык жашоосу чагылдырылат. Тагыраак айтканда Алинин оор салмак боюнча жеңишке ээ болуу учун Сонни Листон менен урушуусу, Исламга өтүшү, Виетнам согушун сынга алуусу, бокстон четтелүүсү, 1971-жылы Жо Фразир менен мушташуу үчүн бокско кайтып келүүсү жана 1974-жылы "Жунглидеги дүңгүрт" аттуу жерде Жорж Формен менен мушташуу менен өз наамын кайрадан кайтарып алуусу баяндалат. Тасма ошондой эле Кошмо Штаттардагы чоң саясий жана социялдык өзгөрүүлөрдү козгоо менен, Малколм Экс жана Мартин Лүтер Киңдин өлүмдөрүн да чагылдырат.

Тасманы киносынчылар жакшы кабыл алышкан, бирок кирешелүү болгон эмес. Тасмадагы ролдору үчүн Уилл Смит "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" наамына жана Жон Войт "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамдарына көрсөтүлүшкөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]