Алмабеков, Кубанычбек

Википедия дан

Алмабеков, Кубанычбек - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Григорьев айылында манасчынын үй-бүлөсүндө 1955-жылдын 18-июнунда туулган.

Атасы Касымаалы, чоң атасы Алмабек, чоң атасынын агасы Дыйканбай, бабасы Тойчубек өз заманынын залкар манасчылары болгон. Өзгөчө, Дыйканбай менен Алмабек жалпы кыргыз элине белгилүү болгон манасчылар.

Сегиз жашына чейин чоң атасы – Алмабектин колунда чоңоюп, аны менен бирге эл-жер кыдырып, анын «Манас», «Семетей», “Сейтек” айткан учурларына далай ирет күбө болгон. Кийинчерээк атасы – Касымаалынын колуна өтүп, анын да ар кайсы айылдык, райондук жыйындарда, салтанаттарда «Манас», «Семетей», «Эр Табылды», «Курманбек», «Эр Төштүк» эпосторун айткандарын уккан.

Ал орус орто мектебин бүткөндөн кийин Кыргыз Мамлекеттик медициналык институттун дарыгерлик факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган (1972-1978). Өзүнүн алган кесибине ылайык Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунда, азыркы күндө Түп айылында башкы дарыгер-хирург болуп эмгектенүүдө.

Манасчылык өнөргө 7-8 жашында келет: «Айыл четинде чоң суудан өтүп баратып, өзүмдөн-өзүм эле Манас менен Коңурбайдын салгылашып жатканын айтып кирдим. Анан эсим ооп жыгылып калыптырмын. Канча убакыт айтканымды да билбейм, канча убакыт жатканымды да билбейм. Айтор, жатып калган жеримден чоң атам таап алыптыр. “Баланы даарып кеткен тура” – деп, үйгө алып келиптир. Чоң энемдин табыпчылык жагы бар эле, экөөлөп мени ырымдашыптыр. Кийин, чоң атамдын каза болгонуна бир ай болуп калган. Түшүмдө чоң атам келип, эч үн-сөзсүз эле мени колумдан жетелеп, Бакай атага алып келди. Бакай ата мага кайрылып: “Таанып ал! Бул Манас! Бул Семетей! Мына бул Кырк чоро! Булардын баарын таанып ал да, айтып жүр!» деп, ысымдарын атады. Эртеси, өзүмө-өзүм ээ боло албай, ары-бери урунуп. “Манас” эле айткым келип калыптыр”. Буга карабастан, Кубанычбек айтпай жүрөт. Арадан жылдар өтөт. Кийинчерээк, Кубанычбек тун кыздуу болгон күнү, өңүндө Семетей баатыр келип, отурган жеринен күч менен көтөрүп туруп, дубалды көздөй ыргытып жиберет. Кубанычбек бир топко дейин эсине келе албай, эмне болуп кеткенин түшүнө албай, бөлмөнүн бурчунда жатып калат. Аңгычакты болбой, маңдайында сары алтындан зоот кийген, башында туулга, колунда түпөктүү найзасы бар, төбөсү шып тиреген, сүрдүү зор баатыр пайда болуп: «Мен Семетей болом! Атаңдын жолуна түшпөй, бизди неге айтпай жүрөсүң?» - деп туруп, найза менен Кубанычбекти качырып калат. Найзасынын учу Кубанычбектин төшүнө кадала түшкөндө, ал эч бир кыймылга келе албай баатырдын алдында селейип туруп калат. Семетей: « - Айтасыңбы?!» деп, күркүрөйт. Кубанычбек коркконунан баарына кайыл болуп: « - Айтам, айтам!» - деп, түнү менен айтып чыгат. Мына ошол окуядан кийин Кубынчбек эл ичинде «Манас» баянын айтууга чындап киришет.

Ал өзүнүн аталары сыяктуу эл аралап «Манас» айтпаганы менен маал-маалы менен ар кандай жыйындарда, салтанаттарда, ж.б. шарты келген учурларда айтпай койбойт. Ал ар дайым райондук, областык кароо-сынактарга, маданий иш чараларга катышып, «Манасын» оозунан түшүрбөй келет. Ал, «Манас» бөлүгү боюнча: «Манастын төрөлүшү жана балалык чагы», «Манастын Кошой дөөгө жолукканы», «Манастын Ала-Тоого көчүп келиши», «Алмамбеттин баяны», «Кыз Сайкалдын баяны», «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат» окуяларын, «Семетей» бөлүгүн толук, «Сейтек» бөлүгүнөн: «Сейтектин төрөлүшү жана балалык чагы», «Сейтектин Күлчорого жолукканы», «Кыяз менен Күлчоронун беттешүүсү», «Канчоронун өлүмү», «Желмогуз уулу Сарыбайдын урушу» аттуу окуяларын айтып келүүдө.

Анын балалык жана өспүрүм кездеринде чоң атасы менен атасы устаты болуп келсе, кийин устаты катары, аталаш кайнагасы Шаабай Азизов болгон. Манасчылык өнөрү жөнүндө чакан маалымат, Т.Бакчиевдин жарык көргөн илимий эмгектеринде берилген.

Эл ичинде айтылып жүргөндөй, манасчылык өнөрү тукум куучулук касиетине эгедер өнөр. Мына ошондон улам, манасчылыкты атайын кесип кылбаса да, аталарынын мураскору катары салтын улап келген манасчы.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]