Алмалы, Тоо

Википедия дан

Алмалы, ТооТүркстан кырка тоосунун түндүк тармагы. Исфана өрөөнүнүн түндүгүндө, Карасуу жана Кожобакырган сууларынын аралыгында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 6–7 км.

Орточо бийиктиги 1700–1850 м, эң бийик жери 1935 м. Жону жайпак, капталдары жантайыңкы, бирок кыска, жардуу тик аскалар да кездешет. Девон жана карбон мезгилдеринин акиташ теги, доломит, тектеринен турат. Көмүр кендери бар. Чөл, жарым чөл жана кургак талаа (шыбак, баялыш, бетеге жана башкалар) ландшафттары басымдуу. Кайрак айдоо, чабынды жана жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]