Алмамбет менен Сыргактын Бээжинге киргени

Википедия дан

Алмамбет менен Сыргактын Бээжинге киргени — окуянын өнүгүшүндөгү кезектеги баскыч, жаңы түйүн.

Төрт баатыр аттанып, бир кезде Алмамбет өзү сыйкыр менен жоонун жолун тосоттогон жерлерден өтүп, шаарга жакын жерге Манас менен Чубакты калтырып, Алмамбет менен Сыргак калаага бет алышат. Экөө Туңша шаарына жакындаганда жоо келатканын билип калган Эсенкан улуктарын чогултуп, кеңеш куруп жатканда үч жүз элүү жашаган Көөдөң Манаска алыңар жетпейт, тартуу тартып багынып бергиле дейт. Чабала аттуу балбаны Манасты жеңип келе коймок болуп жөнөп, Алмамбет менен Сыргактан өлүм болот. Алмамбет жортуулга дайым ала жүрүүчү чебадаңды чечип андан мурда кытайдан кеткендеги кийимдерин кийип, Сыргакка Чабаланын кийимин кийгизип, эми үнүңдү чыгарып сүйлөбө деп эскертет, каш карайган маалда кытайлардын колуна кезигип, чантуулардын Макел өлтүргөндөн калганы качып кетиптир, алдын тосуп барсын деген буйрук келди — деп аларды алдап Кентундун жолуна салат да, шаардын сепилине жетип, дарбаза алдындагы кайтаруучуларды да кытайча сүйлөп Кентунга жөнөтүп жиберип, капкачы балбандарды кыйратып ичке кирип, дарбазаны ачык таштап, Туңшага бет алышат. Туңшаны Алмамбеттин аркы атасы салдырган шаар экен, шаарга кирип, туулуп-өскөн жерин көргөндө такаты турбай боюна, өз колу менен тиккен чынарды кучактап, көз жашын токтото албай, Алмамбет күйүтүн айтып, арман кылды. Кайрат кылып эс жыйып баатырлар шаардан чыгат, кытайдан кетердеги согушта Алмамбет колунан түшүрүп жиберген канжаны таап алышып, Каспаңдын кара тоосуна карап бет алышат.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта жок, Шапак Рысмендеевдин варианты,Молдобасан Мусулманкуловдун варианты,Багыш Сазановдун варианты, ТМВда эпизоддун сюжети негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын.

Саякбай Каралаевдин  вариантында Алмамбеттин туулуп-өскөн жерине жетип, өзү тиккен чынар теректин куурап калганын көргөн Алмамбет Бээжинден соо кетпеймин деп чочулайт. Кетип баратып бу кытайдан кетердеги согушта Алмамбет түшүрүп жиберген канжаны таап алышат. Алмамбет Эсенкан кызы Бурулчанын күтүп жүргөнүн айтып, учураша кетмек болушат. Алмамбет атасынын жарым кандык чен тонун кийип, Сыргакка да кытайча кийим кийгизип, Күрпүлдөктүн суусунан кечип өтөт. Нескара, Жолойдун көп колуна кезигип, аларды алдап алыс Суук-Төргө жөнөтүп жиберип, Бурулчага барып учурашышат. Бурулчанын Манаска белегин алып, аны менен коштошот да, жылкы тиймек болуп жөнөп кетишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4