Алтыбасарова, Токтогон

Википедия дан

Токтогон Алтыбасарова (1924-жыл, Түркстан АССРи, Күрмөнтү2015-жылдын 11-июну, Ысык-Көл облусу, Күрмөнтү) – Улуу Ата Мекендик согушта блокадада калган Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы баккан колхозчу.

Токтогон Алтыбасарова
Туулган күнү

1924-жылы

Туулган жери

Түркстан АССРи, Күрмөнтү, Түп району

Жарандыгы

Түркстан АССРи

Кыргыз ССРи

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Каза болгон күнү

11-июнь, 2015-жылы

Каза болгон жери

Ысык-Көл облусу, Күрмөнтү, Түп району

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогон Алтыбасарова 1924-жылы Түркстан АССРинин Күрмөнтү айылында туулган. Ал кичинекей кезинде эле китеп окуганды өзү үйрөнүп алган. Алыскы тоолуу Күрмөнтү айылында негизинен кыргыздар жашаган аймакта радио угуп отуруп эле орусча сүйлөгөндү үйрөнгөн. Андан кийин мектепте окуп жүргөндө араб тилин үйрөнгөн. Орус тилинен да, араб тилинен да каттарды, иш кагаздарын котортуу үчүн ага бардык аймактан адамдар келишчү. Анын эс-тутуму жакшы болгондуктан, аны “басып жүргөн энциклопедия” деп аташчу. Аны Фрунзеге окууга чакырып, жакшы кызматтарды сунушташкан. Бирок Токтогон Алтыбасарованын атасы эрте каза болуп, апасы ооруп калгандыктан, айылда инилери жана сиңдилери менен калууга аргасыз болгон.

1941-жылы айылдын бардык эркектерин фронтко алып кетишкенде, ал эң билимдүү катары айылдык кеңештин төрагалыгына дайындалат. Ал кезде комсомолдук уюштуруучу болуп иштеп жүргөн эле.

1942-жылдын 27-августунда Токтогон Алтыбасарова Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы камкордукка алган. Алар жергиликтүү колхоздун жатаканасында он жылдай чогуу жашап, билим алып, 1952-жылы көчүп кетишкен. Андан кийин Токтогон Алтыбасарова Күрмөнтү айылында 44 жыл айылдык советтин катчысы болуп иштеген. 23 жолу айылдык, райондук жана облустук советтерге депутат болуп шайланган. Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун коллегиясынын мүчөсү болгон.

2015-жылы 11-июнда Токтогон Алтыбасарова 91 жашында дүйнө салган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1945-жылы Токтогон Алтыбасарова айылдашына турмушка чыккан. Ал 9 баланы төрөгөн, бир кызы 23 жашында лейкемиядан каза болгон. Балдары: Шура, Айнагүл, Мурат, Бернет, Марат, Урмат, Самат жана Гүлнура. Анын артында 23 небереси жана 13 чөбөрөсү калды.

Эс тутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1979-жылы режиссёр Михаил Яковлев “Кыргызфильм” менен биргеликте блокададагы Ленинграддын балдары жана Токтогон Алтыбасарова тууралуу “Жашагым келет” аттуу даректүү тасманы тарткан.

Ал 2012-жылы май айында Бишкектеги Жеңиш паркында ачылган Блокададагы Ленинграддын монументинин прототиби болуп калды.

2020-жылдын февраль айында Токтогон Алтыбасарованын, согуштун жана эмгектин ардагер аялдарынын ишмердүүлүгүн жана сиңирген эмгегин эстен чыгарбай, сактап калуу максатында “Токтогон Алтыбасарова” Коомдук фонду түзүлгөн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]