Алты курч

Википедия дан

Алты курч — Манас жана анын эң жакын башкы чоролоруна арналып асмандан керемет менен түшкөн кылычтардын жалпы аты. Саякбай Каралаевдин варианты нда гана айтылып А. к-ка баатырлардын кандайча ээ болгондугу, алардын ар биринин энчилүү аты, сын-сыпаты кеңири мүнөздөлөт:

Асмандан түшкөн алты курч,
Кылычтын кыл мыктысы
Манас алган Зулпукор,
Ажыбай алган Ачболот,
Бакай алган Кылболот,
Алмамбет алган Жойкума,
Чубак алган Ачалбарс,
Сыргак алган Наркескен,
Алты болот курч ошол,
Ачуусуна тийгенде,
Ааламды бузган мүлк ошол
Кыйкырып кындан алганда
Кан ичпей куру жүрбөгөн,
Кызыгып кындан чыгарса,
Кан ичпесе кайрылып кынга кирбеген,
Кабарын угуп алганда
Качып душман дүрбөгөн (Саякбай Каралаев, 2. 231).

Манас баатыр Жакыпка тарынып кетип, Боз-Талаага Баба-Дыйкандын колдоосу менен аштык айдап, алган түшүмүн Карача канга Аккулага алмашып, кайтып келаткан жолдо ага бир аксакал думана жолугат. Ал А. к-тун маанисин, касиетин айтып Манаска тапшырып көздөн кайым болот. Мындан көрүнүп тургандай эпикалык башкы каарман эл эңсеген ой-тилекти аткарыш үчүн атайы жаралган сыяктуу, анын куралдары да ошол миссияга арналып, кереметтүү жол менен атайы көктөн түшөт. Манас өзүнүн эң жакын чоролору менен инсандык жакындыгы, бири үчүн бири жаралган тагдырлаштыгы алардын негизги жоо куралдары көктөн түшүп тектеш болушу аркылуу да айкын белгиленет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4