Алымкулова, Сынару Кадыровна

Википедия дан
Сынару Алымкулова Казан шаарындагы музейде. 03.7.2007.


Сынару Кадыровна Алымкулова (англисче Synaru Alymkulova) (1959-жылы тогуздун айынын (октябрдын) 15инде Орусиянын Алтай Республикасына караштуу Кош-Агач районундагы Көкору кыштагында туулган) – Кыргызстандын заманбап этнограф, тарыхчы окумуштуусу, тарых илимдеринин доктору (2014). Кыргыз, алтай, кыпчак тарыхтары боюнча белгилүү адис. Ал Кыргызстандын ЖАКынын эксперти да болгон.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сынару Кадыровна Алымкулова 1959-жылы тогуздун айынын (октябрдын) 15инде Орусиянын Алтай Республикасына караштуу Кош-Агач районундагы Көкору кыштагында туулган. Ата-энеси - алтайлыктар.

Орто мектепти бүтүргөндөн кийин Орусиянын борбору Москва шаарына келип, Москва университетинин (МГУ) тарых факультетине тапшырган (1978–1984). Мында ал “тарых” адистигине ээ болгон.

Ал 1985-жылы кыргызстандык тарыхчы, аспирант Нарынбек Алымкулов менен Москвада баш кошуп, бир аздан соң Кыргызстанга көчүп келишкен.

1991–1999-жылдары ал Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик музейинде дарс окуп, экскурсия уюштуруп, андан соң ага илимий кызматкер , жетекчи илимий кызматкер, окумуштуу катчы, илим боюнча директордун орун басары кызматтарын аркалады.
Сынару Алымкулова кыргыз-алтай этностор аралык алакаларын иликтеп, 1999-ж. кандидаттык диссертациясын бишкекте ийгиликтүү коргогон.

1999–2003-жылдары И.Арабаев атындагы КМУда гуманитардык жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы болду.

2003–2005-жылдары И.Арабаев атындагы КМУнун атамекен тарыхы боюнча мекемелер аралык кафедрасын жетектеди.

2005–2011-жылдары И.Арабаев атындагы КМУнун Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасынын башчысы болду.

2011-жылдан азыркыга чейин И.Арабаев атындагы КМУнун Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу болуп иштеп келет.
2014-жылы орто кылымдардагы кыпчактар тууралуу доктордук диссертациясын Бишкек шаарында ийгиликтүү коргогон.

Ал 2017–2019-жж. Кыргызстандын ЖАКынын эксперти да болгон.

Негизги илимий изилдөө өңүтү жана коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сынару Алымкулова Имел Молдобаевдин (1942–2005) элесине арналган илимий жыйында. КР УИАсы. Бишкек шаары. 18.4.2017.


Сынару Кадыровна Алымкулова кыргыз таануу, кыпчак таануу, алтай таануу, түрк элдеринин этнографиясы, музей таануу жаатында адис.

Көрүнүктүү этнограф, профессор Имел Бакиевич Молдобаев (1942 - 2005) анын кандидаттык диссертациясынын (1999) илимий жетекчиси болгон.
С.К.Алымкулова Кыргыз Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөсү.
Ал "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесине мүчө (2012).

Чет мамлекеттер менен илимий алакалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда профессор Сынару Кадыровна Алымкулова Германия, Орусия, Түркия ж.б. окумуштуулары менен Кыргызстандын тарыхчы окумуштууларынын тыгыз байланышын андан ары чыңдоого өз салымын кошууда.

С.К.Алымкулова ПИАКтын 61-отурумунун президенти болгон (2018-жылдын август-сентябры, Бишкек – Чолпон-Ата).

Сыйлыктары. Даражалары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

С.К.Алымкулова 1999-жылы тарых илимдери боюнча кандидаттыгын ийгиликтүү коргогон.
Ал 2014-жылы этнография адистиги боюнча тарых илимдеринин доктору болуп калды.

Ал Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн мыктысы (2007).
Ал Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланган.


Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Нарынбек Ашыралиевич Алымкулов. Бишкек шаары. 28.10.2012.

С.К.Алымкулованын күйөөсү – Кыргызстандагы белгилүү тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Нарынбек Ашыралиевич Алымкулов (25.4.1958 туулган). Алардын эки уулу бар.

Манас Алымкулов 1986-жылы 27-августта туулган. Үй-бүлөлүү.

Болот Алымкулов 1989-жылы 18-январда туулган. Бойдок.

Билген тилдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сынару Кадыровна Алымкулова кыргыз, алтай, түрк, орус, немис тилдерин мыкты билет жана англисче окуй алат.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 80ден ашуун илимий эмгекти (анын ичинде 5 монография, 7 окуу-колдонмо куралды жарыялаган.

  • Кыргызско-алтайские – этнокультурные связи (по данным фольклора). – Б., 2013.
  • Кыпчаки в составе тюркоязычных народов. – Б., 2013.
  • Кыргызско-алтайские этнокультурные связи (по данным фольклора). Кандидатская диссертация. 1999.
  • Кыпчаки в составе тюркских народов. Докторская диссертация. 2014.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]