Альберт Великий

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Альберт Великий, Альберт фон Больштедт, Альберт Кельнский (1193-ж., же 1207, Лауцнген - 15.11.1280, Кёльн) - немец теологу, философ, монах-доминиканец. Германиянын доминин мектептеринде (1228-40), Париж университетинде (1245-48), Кёльндеги доминикан мектебинде окутуучу болуп иштеген. 1260-62-ж. Регенсбургда епископ, кийин кайрадан окутуучулук ишти аркалаган. Ал эркин иск-вону, табигый илимдерди, медицинаны, ошондой эле Аристотелдин философиясын окуган. А. В. Аристотелдин, Авиценнанын, Августиндин жана Псевдо-Дионийдин эмгектерин өздөштүргөн. Анын эмгектеринде Аристотелдин чыгармачылыгына болгон комментарийлер басымдуулук кылат. Альберт Великийдин философиялык табигый илимий кызыкчылыктарынын кеңдиги аны «doctor universalis» деген наамга жеткирген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]