Альп рельефи

Википедия дан
Альп рельефи (Теңир-Тоо).

Альп рельефи - рельефтин азыркы кар чегинен бийик жаткан мөңгүлүү бийик тоолорго, ошондой эле плейстоценде муз каптаган тоолорго мүнөздүү тиби. Мындай тоолорго аскалар, арсактерсек чокулар, кырдуу жондор, жемирилген төрлөр, тепши сымал өрөөндөр, тик капталдар ж. б. мүнөздүү. Альп рельефи Альп, Кавказ, Памир, Теңир-Тоо, Гималай ж. б. тоолордо көп аянтты ээлейт. Кар чеги төмөн жаткан уюл аймактарындагы орто бийик жана жапыз тоолорго да мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]