Анна Франк

Википедия дан
Anne Frank (1941)
Берген-Белсен.

Аннелиз Мария "Анна" Франк (англ. Annelies Marie "Anne" Frank; 1929-жыл 12-июнь — 1945-жылы февраль же март) — Германияда туулган күндөлүк жазуучу болгон. Холокосттогу эң көп талкууга алынган жөөт курмандыктарынын бири болгон Франк көзү өткөндөн кийин жарыкка чыккан "Жаш кыздын күндөлүгүнөн" (англ. The Diary of a Young Girl) кийин атак-даңкка жеткен. Анда ал Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германия Нидерланддарды басып алган кездеги, 1942-жылдан 1944-жылга чейинки өз жашоосун жазып калтырган. Чыгарма дүйнө жүзүндөгү кеңири таанымал болгон китептердин бири. Ал бир нече спектаклдерге жана тасмаларга негиз болуп берген.

Германиянын Франкфурт жергесинде жарык дүйнөгө келген Франк жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн Нидерланддардагы Амстердамда өткөргөн. Ал жакка үй-бүлөсү менен төрт жарым жаш курагында Нацилер Германияга көзөмөлдү колго алганда көчүп кетишкен. Германия жараны болуп туулган Франк 1941-жылы жарандыгынан ажырап, эч кайсы мамлекетке карабай калган. 1940-жылдын майына чейин Франктар үй-бүлөсү Нидерланддарда Германия басып алышынан улам Амстердамда тузакка түшкөн. Жөөт калкын куугунтуктоо 1942-жылдын июлунда күчөп кеткенине байланыштуу үй-бүлө Аннанын атасы иштеген имараттын ичиндеги китеп текчелеринин артындагы кээ бир жашыруун бөлмөлөрдө жашынып жүргөн. Ошондон тартып 1944-жылдын августунда үй-бүлө Гестапо тарабынан камакка алынганга чейин Анна туулган күнүнө белек катары алган күндөлүктү сактап, ага ар дайым жазып жүргөн. Алар камалып, анын артынан эле концентрациялык лагерлерге которулган. 1944-жылдын октябрь же ноябрь айында Анна бир тууган эжеси Марго экөө Освенцимден Берген-Белсен концентрациялык лагерине которулуп, ошол жерде бир нече айдан кийин (келтеден болушу мүмкүн) каза табышкан. Алар алгач Кызыл чырым уюму тарабынан март айында көз жумушкан делип, ал эми нидерланд бийлиги алардын өлүмүнүн расмий күнү катары 31-мартты белгилеген. Бирок Анна Франк үй-бүлөсү 2015-жылы жүргүзгөн изилдөө эже-сиңди февраль айында набыт болгон деп эсептейт.

Франктын атасы Отто үй-бүлөдөгү аман калган жападан жалгыз киши болгон. Ал жардам колун сунгандардын бири Мип Гиз тарабынан сакталып калган кызынынын күндөлүгүн табыш үчүн согуштан кийин Амстердамга кайтып барган жана анын аракети менен китеп 1947-жылы жарыкка чыккан. Ал баштапкы жазылган нидерланд тилинен англис тилине биринчи жолу 1952-жылы которулуп, "Жаш кыздын күндөлүгү" деген аталыш менен басылып чыгарылган. Ошондон бери чыгарма 60тан ашуун тилге которулган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]