Антихолинэстеразалар

Википедия дан

Антихолинэстеразалар(грек. ἀντί — «каршы», χολή — «өт» жана эстеразагидролаз классынын ферменти) — ацетилхолинди ажыратуучу фермент — холинэстеразанын активдүүлүгүн тормоздоочу дарылар тобу.

Ацетилхолин четки нерв системасында пайда болгон козголууну нервден — булчуңга, борбордук нерв системасында нейрондон нейронго өткөрөт. Антихолинэстеразалар таасир эткенде нерв системасы жана башка ткандардагы ацетилхолиндин өлчөмү көбөйүп, нерв козголуусу пайда болот.

Антихолинэстеразалар көздүн, бронхтордун, ичеги-карын, өт жолдорунун жылма булчуңдарынын жыйырылуусун күчөтөт. Тамак сиңирүү, тер бездеринин секрециясын көбөйтөт, вегетатив нерв системасын стимулдайт. Көздүн карегин кичирейтет, көз ичиндеги басымды төмөндөтөт. Ошондуктан кээ бир антихолинэстеразалар глаукоманы, миастенияны дарылоодо колдонулат.

.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8