Аптисептикалык каражаттар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Антисептикалык каражаттар — оору козгогуч микроорганизмдерди өлтүрүүчү же алардын өсүшүн жана көбөйүүсүн токтотуучу химиялык бирикмелер. Жарааттарды, тытылган жана күйгөн жерди тазалоо үчүн, ошондой эле теринин ириңдүү ооруларын дарылоодо; турак жайды, ич кийимдерди, шейшепти, оорулууга тиешелүү буюмдарды дезинфекциялоодо, ошондой эле хирургия практикасында (Антисептика, асептика) колдонулат. Медицинада хлордун (хлорамин, пантоцид жана башка), йоддун (йоддун спирттеги эритмеси, Люголдун эритмеси, йодоформ жана башка) бирикмелери, суутек өтө кычкылы, калий перманганаты, кээ бир органикалык кислоталар (бор, салицил, карбол кислоталары) жана негиздер (нашатырь спирти, ичилүүчү сода), сымаптын (кеперез, сымап майлары жана башка), күмүштүн (албарс, протаргол жана башка), коргошун, алюминийдин (Буров суюктугу жана башка) бирикмелери, спирт жана формалин, кара май, кээ бир боёктор (метилен көгү, бриллиант жашылы жана башка) колдонулат.
Антисептик каражатдын өзгөчө тобун сырттан сыйпалуучу антибиотиктер (грамицидин жана башка) жана татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдөгү (мисалы, сарымсак, пияз, хрен, теңге гүл) фитонициддер түзөт.

Кээ бир антисептик каражаттар (мисалы, этил спирти, уксус жана сүт кислотасы) тамак-аш продуктуларын консервалоодо колдонулат. Алар кишиге зыянсыз өлчөмдө эритме түрүндө продуктуларга кошулат. Антисептик каражаттар продуктуларды жакшы сактоого гана жардам бербестен, аларга өзгөчө жыт жана даам берет (мисалы, уксус кислотасы).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8