Асперди Чот уулу

Википедия дан

Асперди Чот уулу Ажыдатка (болжол м-н 1780-1852) - кыргыздардан чыккан таасирдүү инсан, саруу уруусунун бийи. 1819-20-ж. Меккеге зыяратка барып, ажы болуп кайткан. 1826-ж. Мадалы хандын тушунда датка наамын алып, ага Талас өрөөнүн башкаруу укугу берилген. Ошондон баштап эл арасында «Ажы бий», «Ажы датка» аталып калган. 1842-жылдагы элдик көтөрүлүштө бир тууган жээни Шераалыны көтөрүүдө чоң роль ойногон. Асперди датка өмүрүнүн акырына чейин Талас өрөөнүндөгү Карабуура суусунун жээгинде жашаган ж-а кыргыз элинде кадыр-баркка ээ болгон. Кокон хандыгы м-н кыргыз элинин байланыштарына өз салымын кошкон. Хандык м-н кыргыз элинин ортосундагы карым-катнашты, достукту ж-а ынтымакты чыңдоого аракетин жумшаган. Датка динди бекем тутуп, бийлигин калыстык м-н жүргүзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1