Аср сүрөсү

Википедия дан
Аср сүрөсү.

Аср сүрөсү (арабча: سورة العصر, Убакыт, мезгил) — Курандын 103 сүрөсү.

Сүрө Меккеден түшкөн жана 3 аяттан турат. Бул сүрөдө адам өз иштеринде зыян тартаары, бирок Аллахка ишенгендер, жакшы амалдарды кылгандар, жана акыйкаттык менен бири бирин сабырдуулукка насаат кылгандар зыян тартпаары айтылган.

Арабча тексти[түзөтүү | булагын түзөтүү]


بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1. وَالعَصرِِ
2. إِنَّ الإِنسٰنَ لَفى خُسرٍ
3. إِلَّا الَّذينَ ءامَنوا وَعَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ وَتَواصَوا بِالحَقِّ وَتَواصَوا بِالصَّبرِ

Кыргызча мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Аср1 сүрөсү
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
1. Асрга ант2!
2. Албетте, инсан коромжуда3.
3. Бирок, ыйман келтиргендер, жакшы амалдарды жасагандар жана актык менен сабырдуулукка бири-бирин насаат кылгандар (коромжуда эмес).

Кыскача түшүндүрмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]


1 Аср - "Заман (кылым)", "доор" (убакыт, мезгил) дегенди билдирет. Дагы бир мааниси - "күндүн экинчи жарымы", "дигер маалы".
2 Өтө кыска да нуска, ар бир адамдын жашоосуна өрнөк боло турган сүрө. "Бүт Куранды билбеген адам, ушул сүрөнү өрнөк кылып алса жетиштүү болмок", - деген Имам Шафи (р.х.). Бул сүрөнү ар бир жыйналыштын соңунда окуу сүннөт.
Инсан алсыз болгондуктан шайтан менен напсинин азгырыктарына туруштук бере албай зыйанга гана учурайт.
3 Зыйанда

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормосу". Baski Erkam Matbaasi-2006. - ISBN 9967-23-409-1

Которгондор:Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садибакас Доолов, Садык Гавай
Текшергендер:Кимсанбай Абдурахманов, Камил Абжапаров

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Муруңку сүрөө: Таксур сүрөсү Сүрө 103Арабча текст Кийиңки сүрөө: Хумаза сүрөсү