Мазмунга өтүү

Аль-Фатиха сүрөсү

Википедия — ачык энциклопедия
Фатиха сүрөсү‎»‎ барагынан багытталды)
Аль-Фатиха
سورة الفاتحة
           
Жалпы маалымат
Атынын мааниси Курандын ачкычы (Бетачар)
Башка аттары Умм-ул-Китаб (Китептин энеси)
Умм-ул-Куран (Курандын энеси)
Ас-сабъул-масаани (Кайталанып туруучу жети аят)
Классификациясы
1
орду
1
жуз
5
түшүү тартиби
Түрү Меккелик
Статистика
7
аят
29
сөз
143
тамга
Темалар боюнча Кудай жөнүндө: 3
Акырет жөнүндө: 1
Сыйынуу: 1
Шарият: 1
Хронология
Мурунку сүрө Жок
Кийинки сүрө Аль-Бакара
Аудио
Фатиха сүрөсүнүн окулушу
           
Сауд аш-Шураимдин үнү менен

Фатиха¹ сүрөсү (арабча: سورة الفاتحة, Бетачар) — Курандын биринчи сүрөсү.

Сүрөнүн түрү: Меккелик сүрө. Баардык ислам уламаларынын ою боюнча Фатиха сүрөсү 7 аяттан турат.

Бул сүрө Куранда орду боюнча да, жана толук түрдө бир түшкөнү боюнча да биринчи сүрө. Сүрөдө Курандын жалпы түшүнүгү берилип жана таухидди(жалгыз гана Кудайга сыйынуу) ырастоочу, динчил адамдарга жыргалчылыкты, ал эми динсиз жана күнөөлүү адамдарга катуу жаза болоорун эскертүүчү, Аллахка сыйынуу зарыл жана эки дүйнөдөгү бактылуулукка жол экенин ырастоочу сөздөр айтылат. Ошондой эле Аллахка моюн сунгандар жыргалчылыкта болоорун, ал эми баш ийбегендер зыян тартаары жазылган.

Фатиха мусулмандардын арасында эң көп колдонулган сүрө болуп, намаздын ар бир рекетинде сөзсүз түрдө окулууга тийиш.

Транскрипциясы жана кыргызча мааниси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ ۝١﴿ [Аль-Фатиха:1]
Бисмиллāҳир-Рохмāнир-Рохиим
Эбегейсиз Мээримдуу, өзгөчө Ырайымдуу Алланын аты менен!
ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَـٰلَمِينَ ۝٢﴿ [Аль-Фатиха:2]
Алҳамду лиллāҳи Роббил-'āламиин
Бүткүл мактоо-шүгүрлөр ааламдардын Эгеси Аллага таандык.
ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ ۝٣﴿ [Аль-Фатиха:3]
Ар-Рохмāнир-Рохиим
Ал эбегейсиз Мээримдүү, өзгөчө Ырайымдуу.
مَـٰلِكِ يَوۡمِ ٱلدِّينِ ۝٤﴿ [Аль-Фатиха:4]
Маалики йавмид-диин
Кыямат сурак күндүн жалгыз Өкүмдары.
إِيَّاكَ نَعۡبُدُ وَإِيَّاكَ نَسۡتَعِينُ ۝٥﴿ [Аль-Фатиха:5]
Иййāка на'буду ва иййāка наста'иин
(Оо, Жараткан Алла!) Өзүңө гана кулдук кылабыз, Сенден гана жардам сурайбыз!
ٱهۡدِنَا ٱلصِّرَ ٰطَ ٱلۡمُسۡتَقِيمَ ۝٦﴿ [Аль-Фатиха:6]
Иҳдинас-сиротол-мустақиим
Бизди Түптүз жолдо туруктуу кыла көр!
صِرَ ٰطَ ٱلَّذِينَ أَنۡعَمۡتَ عَلَيۡهِمۡ غَيۡرِ ٱلۡمَغۡضُوبِ عَلَيۡهِمۡ وَلَا ٱلضَّاۤلِّينَ ۝٧﴿ [Аль-Фатиха:7]
Сиротол-лазиина ан'амта 'алайҳим ғойрил-мағдууби 'алайҳим валад-доллиин
Каарыңа калгандар менен адашкандардын жолуна эмес, Өзүң сыйга бөлөгөн инсандардын жолуна (сала көр)!

Кыскача түшүндүрмө

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • ¹ Фатиха-ачуучу.
  • ² Алланын аты. Сыйынууга жалгыз өзү гана татыктуу!
  • ³ Булар Алланын эң улуу сыпаттарынын экөөсү. Алланын Мээрими менен Ырайымында чек жок!
  • Кыямат күнү бийлик жүргүзүүчү Ал өзү гана. 78-сүрөнүн 38-39-40-аяттарын караңыз.
  • ⁵ Ушул сөздү намаз окуган адам кеминде 32 жолу кайталайт. Бирок ага маани береби?! Ал бир Аллага маалым. Биз эмнеге муктаж болсок да, дароо Аллага кайрылууга тийишпиз. Ушул күндө адамзатка сыйынуучулар көбөйдү. Мисалы: бир жумушун бүтүрүү үчүн тааныш издөө, пара бермей, кошомат кылуу ж.б.у.с.
  • ⁶ Иудейлер менен христиандар; бири Алланын каарына калса, экинчиси адашкандар. Демек, алардын жолу туура эмес.

Калып:Br

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • "Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормосу". Baski Erkam Matbaasi-2006. - ISBN 9967-23-409-1
Которгондор:Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садибакас Доолов, Садык Гавай
Текшергендер:Кимсанбай Абдурахманов, Камил Абжапаров

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Муруңку сүрөө: Сүрө 1Арабча текст Кийиңки сүрөө: Аль-Бакара