Фалак сүрөсү

Википедия дан
اَلْفَلَق

Фалак cүрөсү (арабча: سورة الفلق, Таң) — Курандын 113 сүрөсү. Ислам уламаларынын ою боюнча Фалак сүрөсү Меккелик сүрө болуп эсептелет (б.а. Меккеде түшкөн).
Сүрө 5 аяттан турат.

Сүрөнүн түшүшүнүн себеби: Мухамед пайгамбар иудейлердин сыйкыр дубасынан улам ооруп калат. Ошондо Мухаммед пайгамбарга Жабреиль периште келип, иудейлер тарабынан сыйкырга колдонулган атрибуттар катылган бир кудукту көрсөткөн. Андан соң Фалак сүрөсү окулуп Мухаммед пайгамбар айыгып кеткен делет.

Арабча тексти[түзөтүү | булагын түзөтүү]


بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1. قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ الْفَلَق
2. مِنْ شَرِّ مَا خَلَقَ
3. وَمِنْ شَرِّ غَاسِقٍ إِذَا وَقَبَ
4. وَمِنْ شَرِّ النَّفَّاثَاتِ فِي الْعُقَدِ
5. وَمِنْ شَرِّ حَاسِدٍ إِذَا حَسَدَ

Транскрипциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бисмиллахир Рахманир Рахиим
1. Кул аъууз̃у бираббил фалак
2. Мин шарри ма халак
3. Уамин шарри гасикин из̃а уакаб
4. Уамин шаррин наффас̃ати фиил ъукад
5. Уамин шарри хасидин из̃а хасад

Кыргызча мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фалак1 сүрөсү
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
1. Айткын2: "Сактанам таңдын Эгеси менен;
2. Ал жараткан нерселердин жамандыгынан;
3. караңгылык каптагандагы анын жамандыгынан;
4. түйүндөргө сыйкырлоочулардын кастыгынан;
5. көрө албастардын кызгангандагы жамандыгынан”

Кыскача түшүндүрмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1 Фалак - Таң
2 Эй, Мухаммед!


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормосу". Baski Erkam Matbaasi-2006. - ISBN 9967-23-409-1
Которгондор: Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садибакас Доолов, Садык Гавай
Текшергендер:Кимсанбай Абдурахманов, Камил Абжапаров

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Муруңку сүрөө: Ихлас сүрөсү Сүрө 113Арабча текст Кийиңки сүрөө: Ихлас сүрөсү