Ихлас сүрөсү

Википедия дан
Ихлас сүрөсү.

Ихлас сүрөсү (арабча: سورة الإخلاص, Ыкылас), ошондой эле Аль-Таухид сүрөсү (араб. سورة التوحيد, Monotheism), — Курандын 112 сүрөсү. Уламалардын (аалымдардын) ою боюнча бул сүрө Меккеде түшүрүлгөн жана төрт айаттан турат.

Сүрө түшүшүнүн себеби: Көп кудайга сыйынгандар Мухаммед пайгамбардан "Сенин Кудайың эмнеден жасалган?" деген суроону беришкенде жооп катары Ихлас сүрөсү түшүрүлгөн.

Арабча тексти[түзөтүү | булагын түзөтүү]


بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ


  1. قُلۡ هُوَ اللّٰہُ اَحَدٌ

  2. اَللّٰہُ الصَّمَدُ

  3. لَمۡ یَلِدۡۙ وَ لَمۡ یُوۡلَدۡ

  4. وَ لَمۡ یَکُنۡ لَّہٗ کُفُوًا اَحَدٌ

Транскрипциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Бисмилляхи-р-Рахмани-р-Рахим
1. Кул ху Аллах ху ахад
2. Аллах ху с-самад
3. Лам ялид ва лам юлад
4. Ва лам якун лаху куфуван ахад

Кыргызча мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ихлас1 сүрөсү
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
1. Айткын2: Аллах Жалгыз!
2. Аллах эч кимге муктаж эмес!
3. (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн!
4. Ага эч ким теңдеш эмес!

Кыскача түшүндүрмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1 Ихлас - Ыкылас
2 Эй, Мухаммед!

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормосу". Baski Erkam Matbaasi-2006. - ISBN 9967-23-409-1

Которгондор:Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садибакас Доолов, Садык Гавай
Текшергендер:Кимсанбай Абдурахманов, Камил Абжапаров

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Муруңку сүрөө: Масад сүрөсү Сүрө 112Арабча текст Кийиңки сүрөө: Фалак сүрөсү