Асылбашев Мелисбек Өмүрбекович

Википедия дан

Асылбашев Мелисбек Өмүрбекович (7. 5.1947-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Жыламыш айылы) - бийчи, балетмейстер. КРнын эл артисти (1995). КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1991). Москвада өткөн эл аралык конкурстун лауреаты (1980). 1967-жылы Ленинграддагы профессор В. Я. Ваганова атындагы Бий академиясын бүтүргөн. 1967-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында чыгармачылык жолун баштаган. Ф. Шопендин «Шопенианасынан», П. Чайковскийдин «Щелкунчигинен», «Ак куу көлүнөн», «Уйкудагы сулуудан», Б. Асафьевдин «Бахчисарай фонтанынан» классикалык жеке партияларды, айрыкча Л. Минкустун «Дон Кихотунан» Эспаданын, К. Молдобасановдун «Куйручук» аттуу балет-комедиясындагы Молдонун партияларын жогорку чеберчиликте аткарган. Ж. Бизенин бир актылуу «Кармен сюитасында», П. Чайковскийдин «Ак куу көлү» балетинин биринчи көрүнүшүндө классикалык балеттин стилин кылдат сезген хореограф катары таанылган. 1967-90-жылдары театрдагы алдыңкы бийчилерден болуу менен режиссёр-хореограф катары Э. Жумабаевдин «Жомоктон соң», «Саадак какты», С. Полуэктовдун «Биринчи мугалим» балеттерин койгон. 1983-жылдан Кыргыз улуттук филармониясынын «Акмарал» бий ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери. К. Молдобасановдун «Манастын кошуну», «Тамаша», «Жаштар бийи», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Түрк элдеринин музыкасы» сыяктуу ондогон бийлерди койгон. Асылбашев жетектеген «Акмарал» бий ансамбли Монголияда, Португалияда, Пакистанда, Германияда, Индияда, Францияда, Малайзияда, АКШда жана КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болду. Францияда өткөн эл аралык музыка ж-а бий фестивалынын алтын медалын жеңип алган. Медалдар м-н сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1