Мазмунга өтүү

Ат коюу (ысым берүү)

Википедия дан

Ат коюу (ысым берүү)«Манас» үчилтигинин ар бир бөлүмүндө башкы жана негизги каармандардын айрымдарынын келечек тагдырына байланыштуу маанилүү учур катары алар төрөлгөндө энчилүү ат коюуга өтө зор көңүл бурулат. Эпосто башкы оң каармандарга ылайыктуу жакшы А. к. кыйын милдет экени ат таба албай кыйналганынан көрүүгө болот: Ат коюңар деп айтып, Ак сакал Жакып кеп айтып, Көптүн келди кашына. Ат асмандан дечү эле, Жакшы ат коёр бекен?— деп Көзүн салды бай Жакып Аяк менен башына. Олтурган эрлер дегдеди Оозуна бир ат келбеди. Ат коё албай алдырап, Карап калды жалдырап (Сагымбай Орозбаков, 1.86). Жаңы төрөлгөн балага А. к-нун татаалдыгы байыркы түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын адамдын келечектеги тагдырына анын атынын магиялык таасири бардыгы жөнүндөгү түшүнүктөрү менен байланышкан. Мындай көз караш жер жүзүндөгү байыркы элдердин бардыгына мүнөздүү: «Ат — адамдардын байланыш жасоосунда эң биринчи каражат. Ал адамга сыймык алып келет жана анын тагдырын аныктайт. Адам аты менен даңкка жетет, ошондуктан ат коюу салтанаты эң жогорку даражада мактоого татыктуу», — деп жазылган индиялыктардын этика жөнүндөгү байыркы китебинде. Натыйжада, балага татыктуу А. к. үчүн байыркы элдердин баёо түшүнүгү боюнча ага татыктуу «көзү ачык» адамдар гана жарамдуу болушу мыйзам ченемдүү. Байыркы түрк-моңгол элдеринин реалдуу турмушунда мындай милдетти шамандар аткарса, алардын эпикалык чыгармаларында оң каарманды идеалдаштыруу салтына ылайык көктөн түшкөн же токойдон кайыбынан чыга келген касиеттүү карыя же кереметтүү күчтүн эгеси укмуштуу жаныбар балага ат коёт (түпкүлүгүндө бул эки кейипкер тең тотемдик түпкү бабага такалат). Демек, Жакып баласына ат коюларда «ат асмандан дечү эле,» — деп кандайдыр бир кереметти алдын ала күтүшү ушул байыркы ишенимдин көркөм чагылдырылышы. «Манас» эпосунун үчүнчү бөлүгү «Сейтектин» варианттарында да Сейтекке А. к. ар башкача кырдаалдарда жүзөгө ашырылат. Радлов жазып алган вариантта Сейтектин атын асмандан түшүп келген алтын сакал Айкожо коёт. Типологиялык көрүнүш индиялыктардын «Махабхаратасында» жолугат. Анын тигил же бул каарманы туулганда асмандан добулбастын күрүлдөгөн доошу угулуп, гүлдөр жаап, көзгө көрүнбөгөн кереметтүү күчтүн үнү анын келечекте аткаруучу улуу иштерин алдын ала айтып жана ага ат коёт. Түштүк Сибирдеги түрк элдеринин эпосторунда кайыбынан пайда болгон касиеттүү карыя балага гана ат койбостон, анын мине турган тулпарын, жоо-жарагын берет же кайдан алууну айтат. Буга салыштырганда Манаска төмөнкүдөй түрдө аттын коюлушу байыртадан келе жаткан салттык көрүнүш: Аты Манас болсун, Жери Талас болсун, Эли кыргыз болсун Какырдан туулган Каккула Манастын аты болсун («Манас», Кол жазмалар фондусу, 387-инв., 16-б.). Орто Азияда жашаган түрк элдеринин эпикалык чыгармаларында жогорудагы касиеттүү карыя мусулман дининдеги ыйыктар менен алмаштырылган. Мисалы, өзбек эпосунда Алпамышка атты Шаймерден коёт, анын келечектеги баатырдык иштерин алдын ала айтат. Мындай трансформациялануу «Манас» эпосунда да орун алган, бир катар варианттарда башкы оң каармандарга Кызыр жана башкалар мусулман ыйыктары ат коёт. Эпостордо келечек баатырдын атын кээде кайыбынан пайда болгон карыя эмес, ошол эле чыгарманын өзүндө активдүү роль ойногон белгилүү каармандардын бири — реалдуу адам коёт, ырас ал калк ичинде зор урматка ээ болот. Мисалы, көпчүлүк түрк элдеринин эпосторундагы каарман — өтө узак жашаган, акылман карыя Коркут ата бата берип баланы бойго бүтүрөт жана ага ат коёт. Көпчүлүк изилдөөчүлөр Коркуттун образы жогоруда эскерилген касиеттүү карыянын образынын эволюциясынын кийинки стадиясындагы көрүнүшү экенин белгилеп жүрөт: Катылышкан душманын Өгөөлөсүн темирдей, Акыры туулса эркек уул Аты болсун Семетей (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 546-инв., 331-б.),— деп Семетейди батасы менен бойго бүтүрүп гана тим болбостон, ага атты да койгон, ошондой эле төрөлүүчү баланын келечекте эл кишиси — баатыр болуп өсүшүн каалаган калк карысы Кошой жогоруда эскерилген Коркуттун тибине жатат. Бир катар варианттарда Манас эрезеге жеткиче душмандардан аты жашырылып, «Чоң жинди» деген ат менен жүрөт. Адамдын атынын душмандан жашырылышы алгачкы учурда байыркы тотемдик ишенимдерден келип чыккан. Ат тотемдик символ болуп саналган, ошондуктан магиялык мааниге ээ болгон. Байыркы адамдар ошол магиялык касиетке ээ чыныгы атын душман билип алса зыян келтирет деп, аны жашырын сактап, башка аттар менен жүргөн. Мындай ишенимде элдик оозеки чыгармачылыктын чагылдырылышынын классикалык үлгүсү байыркы египеттиктердин мифтеринде берилген. Кудай аял Исида эң жогорку кудай Ранын (Күн кудайынын) үстүнөн бийликке жетиш үчүн «аны энеси төрөгөндө койгон чыныгы атын» — жашыруун атын билмек болуп аны жыланга чактырат. Жыландын уусунан жапа чеккен Ра айыгыш үчүн өзүнүн көптөгөн атынын ичиндеги жашыруун атын Исидага айтууга аргасыз болот. Исида аны айыктырып өз максатына жетет. Кыргыз эпосунда ушундай эле көрүнүш Төштүк менен Чоюн кулак алптын ортосунда болот. Амал менен Чоюн кулактын жаны жети кучкач экенин билип алган Төштүк аны оңой эле жеңет. Манасты жок кылуу үчүн Эсенкан анын аты боюнча издетиши ушул байыркы мотивдин рационалдуу түшүнүккө ылайыкташтырылып трансформацияланышы. Каарманга Чоң жинди сыяктуу «жаман» ат берүүнүн өзү да байыркы элдердин ишеними боюнча баланы ар түрдүү суук көздөн жазгырып, анын өмүрүн сактап калуунун бир жолу болуп саналган. Байыркы элдерде бала эрезеге жеткенде, жоо менен кармашар чагы болгондо, анын жөндөмүнө, сырткы келбетине, алгачкы аткарган эрдик ишине ылайык экинчи сапар А. к. салт болгон. Баатырдык эпостор бул салтты өзүнүн духуна ылайыктап пайдаланган. Көпчүлүк түрк элдеринин эпосторунда каарман биринчи эрдигин жасаганда, ошонусуна ылайык келечекте аткаруучу эрдик иштеринин мүнөзүнө жараша ага ат коюлат. «Манас» эпосунда да башкы каармандын аты кийин коюлганы байкалат. Саякбай Каралаевдин варианты нда алгач «Чоң жинди» деген ат менен белгилүү болсо, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында, ошондой эле түштүктөн жазылып алынган айрым варианттарда адеп коюлган аты Ашырбек, кийин жогорку күчтөр тарабынан «Манас» деген ат берилет. Мифтаков элден чогулткан уламыш боюнча өз аты Сардар, Манас наамы, титул аты деп берилген. Эпосто жалаң Манас эмес, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Серек, Ажыбай, Кыргылчал, Каныкей жана башкалар бир катар каармандардын аттары алардын кылган иштерине, жекече мүнөздөрүнө, сапаттарына жараша алмаштырылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4