Аэромагнитометр

Википедия дан

АэромагнитометрЖердин магниттик талаасын учма аппараттан ченөөчү прибор.

Индукция принцибинде жасалган аэромагнитометрдин Жер магнит талаасынын сезгич бөлүгү зым менен оролгон айланып турчу рамадан турат. Жер магнетизминен рамада пайда болгон электр тогу магнит талаасынын өлчөмүн көрсөтөт. Аэромагниттик тартууда колдонулуучу ферозонддуу анын иштеши магниттик каныгуу касиетине негизделген. Аэромагнитометрге учактын электр-магниттик талаасы таасир этпес үчүн, анын сезгич бөлүгү учактын сыртына орнотулат, ал эми так өлчөөлөрдө ал 30—50 м кабель (кермезым) менен сүйрөтүлүп коюлат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1