Аэромагниттик тартуу

Википедия дан

Аэромагниттик тартуу — атайын жабдылган учактар, тик учактар жана спутниктеги аппараттар менен Жердин магнит талаасын изилдөө ыкмасы. Ал изденчү жердин магниттик чыңалуу күчүнүн тике багыттуу вектор бөлүгүн же жер магнетизминин толук векторун тынымсыз автоматтык түрдө аэромагнитометр менен ченөөгө негизделген. Аэромагниттик тартуу ыкмасы тоо тектердин айрым түрлөрүн ажыратууда, геологиялык карталарды түзүүдө жана темир, боксит жана башка кендерин издөөдө пайдаланылат. Тартуунун масштабына жараша маршруттардын аралыгы 500 метрден 10 кмге чейин өзгөрөт. Маршруттар геологиялык түзүмдөрдүн туурасын карай бири бирине жарыш жүргүзүлөт. Мында учак бир калыптагы бийиктикте учууга тийиш. Жыйынтыктары изокарталар жана графиктер түрүндө көрсөтүлөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1