Ба́рба (эл)

Википедия дан

Ба́рба (берба, бариба, баргу, боргава, богунг) — Бениндин түндүгүндө жашаган эл. Ошондой эле Нигериянын түндүк-батышында жана Тогонун түндүк-чыгышында бар.
Жалпы саны 600 миңге жакын адам. Анын ичинде Бенинде 495 миң адам (2005), Нигерияда — 62 миң, Тогодо — 14 миң.

Ба́рба

Барба улутундагы аял
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 600 миң адам
 Бенин — 495 миң (2005)
 Нигерия — 62 миң
 Того — 14 миң

Тили

бариба (баргу)

Дини

Жергиликтүү салттуу ишенимдери,
Ислам (сүннөттөр),
Христианчылык (протестанттар)

Расалык тиби

негроид

Тил

Бариба (баргу) тили Нигер-конго макробүлөсүнүн гур уясына кирет.

Дин

Жергиликтүү салтту ишенимдер сакталып келетат. Ата-бабалар культуна сыйынышат. Калктын бир бөлүгү мусулмандар (сүннөттөр) жана христиандар (протестанттар).

Коом

Уруулук бөлүнүү сакталып калган. Салттуу коомдук уюмдун негизин көп балалуу үй-бүлөлөрдөн турган айылдык жамааттар түзөт. Нике вирилокалдык. Полигиния, сорорат, левират салттары практикада калды. Өтүү каадасы бар.

Чарбалык иштер

Негизги салттуу кесиби — кол менен иштетилген тропикалык которуштуру чарбасы (күрүч, жүгөрү, жержаңгак, фонио ж.б.). Талаалар айылдардын айланасында жайгашкан.
Мал кармашат. Малды кайрак жерлерде же орулган талааларда жайышат.

Кол өнөрчүлүк

Көркөм кол өнөрчүлүк — жыгачтан оюу, керамика, токуу, килем токуу.

Турак жай

Түштүктө токой зонасында турак жай планы боюнча тегерек, чатыры конус сымал саман, түндүгүндө — төрт бурчтуу.
Бутактарынан жана ичке дарак сөңгөктөрүнөн жасалган үйдүн дубалдары чопо менен шыбалат.

Тамак-аш

Негизги азыгы — өсүмдүк тамак (ботко, кайнак) жана эт.

Тарых

14-15-кылымдарда барба уруулары Боргу алгачкы саясий бирикме түзүп, 15-кылымдын аягында Бариба деп аталган буса башчылыгы менен бириккен. Башкаруучулардын татаал иерархиясы болгон. 1690-1783-жылдары Ойонун вассалы, 1898-жылдан Франциянын Дагомеясынын жана Британиянын Нигер жээгиндеги протекторатынын курамында.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]